Загрузка документа…
1-тиркеме
Рейддик салык контролун жүргүзүү
жана материалдарын тариздөө тартиби жана максаты
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жана максаты (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 127–130, 132–136, 345, 346-беренелерине, «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө», «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча рейддик салык контролун жүргүзүүгө укук берүүчү документ, ал ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделет;
2) кызматкер – белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде рейддик салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект – уюштуруу-укуктук формасына, иштин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм;
4) субъекттин жооптуу адамы – субъект менен эмгек мамилелеринде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткарган (анын ичинде келишим боюнча) жеке жак;
5) х-отчет – отчет түзүү учурунда нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын орто аралык отчету (өчүрүлбөгөн контролдук кассалык машинанын (мындан ары – ККМ) контролдук чеги);
6) орто аралык жана/же жыйынтыктоочу отчет – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун фискалдык программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү, белгилүү бир убакыт мезгилине акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча маалыматты камтыган отчет;
7) z-отчет – нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө түзүлүүчү нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын отчету (өчүрүлгөн ККМдин контролдук чеги);
8) рейддик салык контролунун акты (мындан ары – РСК акты) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча рейддик салык контролунун жыйынтыктары таризделүүчү документ;
9) мүлктү убактылуу алып коюу акты (мындан ары – мүлктү алып коюу акты) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү, алып коюлган мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн документ;
10) тоскоолдук көрсөтүү акты – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделүүчү кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо факты көрсөтүлгөн документ;
11) контролдук сатып алуу – ККМди колдонуу боюнча тартиптин жана талаптардын сакталышын, анын ичинде калкка контролдук-кассалык чектердин берилишин контролдоо үчүн салык органынын кызмат адамы же тартылган жеке жак тарабынан аз сандагы товарларды сатып алуу же субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүү жолу менен мезгил аралыгы чектелбестен жүзөгө ашырылуучу текшерүү методу;
12) уруксат документтери – салык кызматынын органдары тарабынан алардын компетенциясынын алкагында берилүүчү экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер (жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, патент, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим, камсыздандыруу полиси, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү лицензия, атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк), ошондой эле уюмдардын жана обочолонгон бөлүмдөрдүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтер.
2-глава. Рейддик салык контролуна талаптар
3. Рейддик салык контролу субъекттин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, баалуу металлдар жана асыл таштар жана акциздик жана маркалануучу продукциянын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткаруусун контролдоо жана ага көмөк көрсөтүү максатында жүзөгө ашырылат.
4. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн максаты болуп төмөнкү фактыларды аныктоо да саналат:
1) салык төлөөчүнүн салыктык жана эсептик каттоосуз экономикалык ишти жүзөгө ашыруусу;
2) ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу;
3) патенттин негизиндеги салыкты төлөө жана анын жүзөгө ашырылуучу иштин түрүнө шайкештиги, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыкты төлөө;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарлардын кыймылын эсепке алууда жана контролдоодо контролдук пломбаларды жана коштоочу документтерди колдонбоо;
5) жалданма кызматкерлерди эсепке алуунун толуктугу, анын ичинде Жалданма жумушчулар боюнча салык агентинин реестрин (мындан ары – Реестр) жүргүзүү жана анда салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жалданма кызматчылар болуп саналган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
6) жергиликтүү салыктарга карата салык салуу объекттеринин жана салык базасынын физикалык көрсөткүчтөрүнүн шайкеш келиши;
7) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзгөн жактарды кошпогондо, жеке ишкерлер, ал эми өткөрүлүп берилген учурда – алар ыйгарым укук берген адамдар тарабынан каттоо;
8) маркалоого тийиш болгон товарларды тиешелүү идентификациялоо каражаттарысыз жана акциздик/эсепке алуу-контролдук маркаларсыз, отун маркерисиз, алардын аныктыгын текшербестен же/жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген минималдуу чекене баадан төмөн баада сатуу;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын колдонуу тартибинин талаптарын аткаруу;
10) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана/же сатып алууга баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу;
11) Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алуу тартибин бузуулар жана алар боюнча тиешелүү салыктарды төлөбөө, колдо болгон товардын иш жүзүндөгү көрсөткүчүнүн баштапкы эсепке алуу документтеринде (эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз, ЕАЭБдин коштомо кагазы ж.б.) көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө шайкеш келбеши, ошондой эле эсепке алынбаган (жашырылган) товардык-материалдык баалуулуктардын болушу;
12) банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-коддун (QR-код) символдорун пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган, анын ичинде башка жакка жана/же субъекттин өзүнө катталган, ишкердик ишке байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болушу жана колдонулушу;
13) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн салык кызматынын органдарында салыктык каттоосу жок жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызматынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана курьердик кызмат көрсөтүүгө заказ берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык системага туташуусу;
14) такси кызматынын жана курьердик кызмат көрсөтүүнүн субъекттеринин ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде алынган киреше жөнүндө маалымат бербөөсү;
15) фискалдык программалык камсыздоонун ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган талаптарга шайкештигин жана анда сакталган маалыматтардын пайдаланылышын текшерүү;
16) КНС боюнча текшерүү жүргүзүүдө КНСтин ашыкча суммасынын негизсиздиги жана өлчөмү;
17) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө лицензиясыз иш жүргүзүү;
18) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу;
19) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдар жана алардын сыныктары менен операциялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу;
20) зергердик тармакта иштеген субъекттердин ишин контролдоодо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу.
5. Рейддик салык контролу өзүнчө салык төлөөчүгө, салык төлөөчүлөрдүн тобуна, ошондой эле белгилүү бир участокко (аймакка) карата жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Рейддик салык контролу контролдук сатып алууну кошпогондо, өзүнчө салык төлөөчүгө же анын обочолонгон бөлүмүнө карата жылына 12 жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
7. Рейддик салык контролу субъекттин иш режиминде жүргүзүлөт.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан рейддик салык контролу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкү талаптарынын сакталышын контролдоо максатында жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик каттоосунун болушу;
2) патенттин негизиндеги салыкты же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык төлөнгөндүгү;
3) жергиликтүү салыктарга карата салык салуу объекттеринин жана салык базасынын физикалык көрсөткүчтөрү.