Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна) |
Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун ушул тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 127, 329-беренелерине, 13-главасына ылайык иштелип чыкты жана товардык-материалдык баалуулуктардын (мындан ары – ТМБ) калдыктарын алуу учурларын жана тартибин аныктайт, ошондой эле ТМБнын калдыктарын алуу боюнча салык кызматынын органдарынын ишин уюштуруунун бирдиктүү принцибин белгилейт.
ТМБ калдыктарын алуу субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткаруусун салыктык контролдоонун жүрүшүндө жүргүзүлгөн иш-чаралардын бири болуп саналат.
2. Ушул Тартиптин максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук – ТМБ калдыктарын алууну жүргүзүүгө укук берүүчү документ;
2) кызматкер – белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде ТМБ калдыктарын алууну жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект – уюштуруучулук-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм;
4) субъекттин жооптуу адамы – субъект менен эмгек мамилесинде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди (анын ичинде келишим боюнча) аткарган жеке жак;
5) ТМБ калдыктарын алуу актысы (мындан ары – ТМБ актысы) – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ТМБ калдыктарын алуунун жыйынтыгы таризделген документ;
6) тоскоолдук көрсөтүү актысы – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген, кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлгөн документ.
3. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
– субъекттин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышын контролдоо жана көмөк көрсөтүү;
– эсепке алынбаган ТМБ аныктоо;
– КНСтин ашып кеткен суммасынын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн аныктоо.
4. ТМБга төмөнкү баалуулуктар кирет:
– андан ары кайра сатуу үчүн сакталуучу;
– андан ары кайра сатуу үчүн өндүрүш процессине өтүүчү;
– андан ары колдонулуучу запастар же материалдар формасында турган.
– контейнерде, алынуучу кузовдо, тарада (таңгакта), транспорттук пакетте, цистернада сакталган, ташуу үчүн кабыл алынган же ташылуучу.
5. ТМБнын калдыктарын алуу жапырт же тандап алуу методу менен жүргүзүлөт.
6. ТМБ калдыктарын тандоо менен алуу баасы кыйла кымбат турган товарлар, ошондой эле ишкердик объектинин жайгашкан жерине (соода түйүнү, күркө, павильон, дүкөн ж.б.), түрүнө жана сезонго жараша жалпы суроо-талап менен колдонулган товарлар боюнча төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) салык отчету жана КНС боюнча отчет нөлдүк көрсөткүчтөр менен берилгенде;
2) катары менен келген эки календардык айдын ичинде КНС боюнча салык отчету берилбегенде;
3) субъектте салык посту орнотулганда;
4) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды импорттоочу/экспорттоочу субъекттерди башкарууда;
5) салык кызматынын органы салыктарды жашыруу, эсепке алынбаган товардын көлөмү жана өлчөмү жөнүндө маалыматты алганда;
6) ЕАЭБ мүчө мамлекеттерге жана Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтеринин, анын ичинде эсеп-фактуралардын жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын (мындан ары – ЭТТК) жок болгон же ылайык келбеген фактылары аныкталганда.
7) салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоонун тобокелдик факторлорунун негизинде, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасында түзүлгөн тобокелдиктердин негизинде ТМБ калдыктарын алууга тийиш болгон субъекттердин тизмегин салык кызматынын органдары тарабынан аныктоо.
7. ТМБнын калдыктарын жапырт алуу ТМБнын калдыктарын алуу учурунда субъектте иш жүзүндө болгон товарлардын бардык позициялары боюнча төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) салыктык каттоосуз ишкердик ишти жүргүзгөндө;
2) патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъектти кошпогондо, уюм жоюлганына же жеке ишкер ишин токтотконуна байланыштуу салыктык жана/же эсепке алуу каттоосу жокко чыгарылганда;
3) КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө арыз боюнча КНСтин ашып кеткен суммасынын негиздүүлүгү жана өлчөмү текшерилгенде;
4) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтеринин, анын ичинде эсеп-фактураларынын жана ЭТТК жок болуу же ылайык келбөө фактылары аныкталганда;
5) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде;
6) салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоонун тобокелдик факторлорунун негизинде, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын тобокелдиктерди эсепке алуунун автоматташтырылган системасынын түзүлгөн тобокелдиктердин негизинде ТМБ калдыктарын алууга тийиш болгон субъекттердин тизмеги салык кызматынын органдары тарабынан аныкталганда.
8. ТМБ калдыктарын алуу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделген жазма буйруктун негизинде салык кызматынын органынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. Жазма буйруктун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Жазма буйрукка салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында электрондук колу коюлат (ырасталат). Зарыл болгон учурда жазма буйрукту кагаз жүзүндө басып чыгарууга мүмкүн, анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот.
9. Жазма буйрукта төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
– жазма буйруктун датасы жана номери;
– жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
– салык кызматынын органынын кызмат адамынын аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
– субъекттин аталышы жана идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН);
– ТМБнын калдыктарын алуу үчүн негизи;
– ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн мөөнөтү.
10. Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтү узартылган учурда жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын электрондук колтамгасы менен колу коюлат (ырасталат).
Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу ТМБнын калдыктарын толук алуу үчүн мөөнөт жетишсиз болгон учурда гана жүргүзүлөт.
11. ТМБнын калдыктарын алуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган рейддик салык контролун жүргүзүү тартибине ылайык рейддик салык контролун жүргүзүү учурунда жүзөгө ашырылат.
12. ТМБнын калдыктарын алууну жүргүзүүнүн алдында субъектке же субъекттин жооптуу адамына төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– жазма буйрук менен таанышуу жана арткы бетине аны менен таанышуу жана кол коюу үчүн жазма буйруктун кагаз түрүндөгү түп нускасы жана кагаз же электрондук түрдөгү кызматтык күбөлүк;
– жазма буйрук менен таанышуу жана аны менен таанышуу жана графикалык кол коюу үчүн тиешелүү алып жүрүүчүдөгү электрондук түрдөгү жазма буйрук.
13. Субъект же субъекттин жооптуу адамы кызматкердин талабы боюнча кол коюлууга жана мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон бухгалтердик эсепке алуу документтерине ылайык ТМБнын калдыктарын алуу башталган датага карата ТМБнын калдыгынын бар экендиги жөнүндө маалыматты кагаз жүзүндө, ошондой эле электрондук форматта (товардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, сатып алуу жана сатуу наркы ж.б.) берүүгө милдеттүү.
ТМБ калдыктарын алуу учурунда субъект же субъекттин жооптуу адамы ТМБнын так санын камсыз кылууну аныктоо максатында ТМБ калдыктарын алуу жүргүзүлгөн жерде болууга жана кызматкерди коштоп жүрүүгө милдеттүү.
Кызматкерди ТМБ калдыктарын алуу жүргүзүлгөн жерлерде коштоп жүрүү үчүн жооптуу адам берилбеген учурда тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт.