КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-марты № 181
Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы төлоонүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2023-жылдын 14-августундагы № 416, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627, 2024-жылдын 5-февралындагы № 48, 8 мая 2024 года № 224 , 2024-жылдын 27-августундагы № 527, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 , 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 702 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасын (маянасын) жана эмгек акысынын ставкаларын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелери;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасы (маянасы) жана эмгек акысынын ставкасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн (7040 сом) кызматтык маяналарга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелери.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) билим берүү системасынын кызматкерлеринин тарифтик ставкаларына (маяналарына) жана ставкаларына карата эселөө коэффициенттери 1-18-тиркемелерге ылайык;
2) билим берүү системасында иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкаларына (маяналарына) карата эселөө коэффициенттери, 19-тиркемеге ылайык;
3) билим берүү системасында иштеген кенже тейлоөчү персоналдын тарифтик ставкаларына (маяналарына) карата эселөө коэффициенттери, 20-тиркемеге ылайык;
4)Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо 21 -тиркемеге ылайык.
3. Атайын эсептин каражаттарынын эсебинсн каржылануучу билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
Кызматтык маяналарга жана ставкаларга карата эселөө коэффициенттери жана саатына жараша эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрү бюджеттик эсептин каражаттарынын эсебинен каржылануучу билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тиешелүү кызмат орду боюнча кызматтык маяналарына, ставкаларына жана саатына жараша эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүнө карата эселөө коэффициенттеринен төмөн болбоого тийиш.
4. Педагогикалык иштин стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамдары, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги, квалификациялык категориясы, ошондой эле иштин өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөөлөр жана үстөк акылар Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
5. Тиешелүү предметтер боюнча мугалимдер жана окутуучулар болбогон учурда толук ставкада иштеген жетекчилерге төмөнкүдөй окутуучулук ишти жүргүзүүгө уруксат берилсин:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - жумасына 18 сааттан ашык эмес;
2) жалпы билим берүү уюмдарында, баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында, балдар үйлөрүндө - 5-11-класстарда - жумасына 9 сааттан ашык эмес, 1-4-класстарда - жумасына 8 сааттан ашык эмес;