КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 180
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 3-мартындагы № 132, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2023-жылдын 16-майындагы № 262, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 , 2023-жылдын 4-декабрындагы № 635, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 736, 2024-жылдын 24-июнундагы № 333 , 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 , 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Маданият,искусство,маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маданият, искусство,маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына эселөө коэффициентинин өлчөмдөрү 1-10 тиркемелерге ылайык;
2) маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерде, ведомстволук мекемелерде иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарына эселөө коэффициентинин өлчөмдөрү 11-13-тиркемелерге ылайык;
3) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде,анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмдөрү 14-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигин кошпогондо, кызматкерлерге төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кызматкерлерге эмгектик өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөрү;
2) кызматкерлерге календарлык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөрү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 333 токтомунунредакциясына ылайык)
4. Маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерде, ведомстволук мекемелерде иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдык ушул токтомдун 11—13-тиркемелеринде көрсөтүлгөн айрым кызматкерлеринин кызматтык маяналарына пайыздык үстөк акылар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
1) автомашиналардын айдоочуларына ченемсиз иш күнү үчүм -кызматтык маямадан 25 пайыз:
2) кароолчуларга түнкүсүн иштегендиги үчүн - сааттык тарифтик ставкадан 50 пайыз;
3) кызматтык жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп иштегендиги үчүн - кызматтык маянадан 25 пайыз.
41. Установить, что органы местного самоуправления городов республиканского значения могут устанавливать к должностным окладам работников, содержащихся за счет местного бюджета городов республиканского значения, надбавки и выплаты, утверждаемые решениями городского кенеша.
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 25 апреля 2023 года № 217)
5. (Утратил силу в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 27 сентября 2022 года № 523)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 569 "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: