Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 30-марты № 180

Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 3-мартындагы № 132, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2023-жылдын 16-майындагы № 262, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 , 2023-жылдын 4-декабрындагы № 635, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 736 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Маданият,искусство,маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Маданият, искусство,маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына эселөө коэффициентинин өлчөмдөрү 1-10 тиркемелерге ылайык;

2) маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерде, ведомстволук мекемелерде иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарына эселөө коэффициентинин өлчөмдөрү 11-13-тиркемелерге ылайык;

3) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде,анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмдөрү 14-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) кызматкерлерге эмгектик өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чындоого жөлөкпул төлөнөрү;

2) кызматкерлерге календарлык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүңдө он үчүнчү эмгек акы төлөнөрү.

4. Маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерде, ведомстволук мекемелерде иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдык ушул токтомдун 11—13-тиркемелеринде көрсөтүлгөн айрым кызматкерлеринин кызматтык маяналарына пайыздык үстөк акылар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

1) автомашиналардын айдоочуларына ченемсиз иш күнү үчүм -кызматтык маямадан 25 пайыз:

2) кароолчуларга түнкүсүн иштегендиги үчүн - сааттык тарифтик ставкадан 50 пайыз;

3) кызматтык жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп иштегендиги үчүн - кызматтык маянадан 25 пайыз.

41. Установить, что органы местного самоуправления городов республиканского значения могут устанавливать к должностным окладам работников, содержащихся за счет местного бюджета городов республиканского значения, надбавки и выплаты, утверждаемые решениями городского кенеша.

(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 25 апреля 2023 года № 217)

5. (Утратил силу в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 27 сентября 2022 года № 523)