Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

2022-жылдын 30-марты № 180

Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 3-мартындагы № 132, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2023-жылдын 16-майындагы № 262, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 , 2023-жылдын 4-декабрындагы № 635, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 736, 2024-жылдын 24-июнундагы № 333 , 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 ,  2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 , 2025-жылдын 15-августундагы № 499 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Маданият,искусство,маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Маданият, искусство,маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына эселөө коэффициентинин өлчөмдөрү 1-10 тиркемелерге ылайык;

2) маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерде, ведомстволук мекемелерде иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарына эселөө коэффициентинин өлчөмдөрү 11-13-тиркемелерге ылайык;

3) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде,анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмдөрү 14-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигин кошпогондо, кызматкерлерге төмөнкүлөр белгиленсин:

1) кызматкерлерге эмгектик өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөрү;

2) кызматкерлерге календарлык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөрү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 333 токтомунунредакциясына ылайык)

4. Маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерде, ведомстволук мекемелерде иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдык ушул токтомдун 11—13-тиркемелеринде көрсөтүлгөн айрым кызматкерлеринин кызматтык маяналарына пайыздык үстөк акылар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

1) автомашиналардын айдоочуларына ченемсиз иш күнү үчүм -кызматтык маямадан 25 пайыз:

2) кароолчуларга түнкүсүн иштегендиги үчүн - сааттык тарифтик ставкадан 50 пайыз;

3) кызматтык жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп иштегендиги үчүн - кызматтык маянадан 25 пайыз.