Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 182
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө
шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 405 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамыны 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелери;
2) Кыргыз Республикасынын саламатгык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн (7040 сом) кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелери.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
3. Ушул токтомдун колдонулушу эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына жайылтылбайт.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Томөнкүлер күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июнундагы № 411 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 «Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки медициналык билим берүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 «Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө» токтому;