Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 08-апрели № 193
Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 3-июлундагы № 332, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7,
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 , 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун өркүндөтүүнү жана жүргүзүлгөн пилоттук долбоордун натыйжалары боюнча салыктык башкаруу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык;
3) Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;
4) Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелери 4-тиркемеге ылайык;
5) Фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар 5-тиркемеге ылайык;
6) Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2022-жылдын 31-декабрынан тартып кайра каттоо жана/же оңдоо учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга жооп бербеген контролдук-кассалык машиналар каттоого алынбары;
2) ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга ылайык келбеген, фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды пайдаланган субъекттер аларды 2023-жылдын 1-июлуна чейин колдонууга укуктуу экендиги;
3) алдын ала төлөө (аванс) жана кийин төлөө (кредит) сыяктуу эсептешүүнүн түрлөрү менен кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча контролдук-кассалык машиналарга карата талаптар 2027-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирери;
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтому менен 2-пункттун 3-пунктчасына киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди.
4) товарларды идентификациялоо (товарларды маркалоо) каражаттарынын коддору жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде чагылдырууну милдеттүү камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү тууралуу талаптарды аткаруу мөөнөттөрү 2027-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирери;
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтому менен 2-пункттун 4-пунктчасына киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирди.
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156 "Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган контролдук-кассалык машиналар 2022-жылдын 1-январынан тартып контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга тийиш. Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган контролдук-кассалык машиналарды кошпогондо, бул контролдук-кассалык машиналардын моделдери субъектке же андан кийин субъектке сатуу үчүн башка жакка сатууга чейин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өтүүгө тийиш экендиги;