Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-февралы № 94
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412, 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2023-жылдын 3-мартындагы № 125, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 13-майындагы № 253,
2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 , 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 , 2026-жылдын 9-октябрындагы № 683 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кыл ат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын ставкалары 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Акциздик жыйымдын маркасы менен төмөнкүлөр маркаланууга тийиш деп белгиленсин:
- 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары;
- 2024-жылдын 1-июнунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар;
- 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ТЭИ ТН 2403 товардык позициясында классификациялануучу түтүктүү, тартуучу, жыттоочу, кальяндуу тамеки (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекиден тышкары);
- 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позициясында классификациялануучу майлоочу майлар, башка майлар, битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар.
- 2025-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларда классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит;
- 2027-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык;
- 2027-жылдын 1-майынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу өздүк өндүрүшүндөгү сууларды, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган сууларды чекене сатууну жүзөгө ашыруучу коомдук тамактануу субъекттери катары катталган салык төлөөчүлөр.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө маркалоо киргизилген датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин тыюу салынат, буга жүгүртүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-майынан тартып белгиленген ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ТР ТС 021/2011) ылайык (мамлекеттик каттоо жөнүндө тиешелүү күбөлүгү болсо) балдар тамак-ашы кирбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы №533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө акциздик маркаларды талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн импорттоочулар тарабынан салынуучу депозиттик төлөм төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- алкоголдук продукциянын бир литри үчүн (ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу сыраны кошпогондо) 5 (беш) эсептик көрсөткүч;