Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2022-жылдын 8-апрели № 197
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 "Климаттын өзгөрүшү, экология жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка кызыкдар тараптардын ишин жетектөө жана координациялоо, климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө макулдашылган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 "Климаттын өзгөрүшү, экология жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "жашыл "экономиканы өнүктүрүү" деген сөздөр "туруктуу өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| "1-тиркеме |
Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.