Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2022-жылдын 30-марты № 185
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 455, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 491, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 497, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 15-майындагы № 246, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 619, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 667, 2024-жылдын 10-майындагы № 230 , 2024-жылдын 17-октябрындагы № 624 , 2025-жылдын 24-июлундагы № 441, 2025-жылдын 15-августундагы № 499, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 675, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 101, 2026-жылдын 16-февралындагы № 106, ,2026-жылдын 13-мартындагы № 176 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 176, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналуучу минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акыларды белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 3-11-тиркемелерге ылайык.
21. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артисттик персоналынын эселөө коэффициенттери ушул токтомдун 6-тиркемесинде белгиленгенден 20 пайызга жогору белгиленет;
2) С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жана Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын артисттик персоналынын эселөө коэффициенттери ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык республикалык мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ушул токтомдун 10-тиркемесинин 3-главасы 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.