КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 184
Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2023-жылдын 10-февралындагы № 59, 2023-жылдын 29-майындагы № 278, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 174, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналары;
2) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн (7040 сом) кызматтык маяналарга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелери.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2-9-тиркемелерге ылайык;
3) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык;
4) калкты социалдык камсыздоо системасында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулууну кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 11-12-тиркемелерге ылайык;
5) калкты социалдык камсыздоо системасында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмдөрү 13-тиркемеге ылайык;
6) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине квалификациялык талаптар 14-15-тиркемелерге ылайык;
7) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин типтүү штаттары 16-22-тиркемелерге ылайык.
8) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин "Келечек" майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борбору" мекемеси үчүн штаттык сандын чеги 23-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын;