Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2022-жылдын 30-марты № 184
Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2023-жылдын 10-февралындагы № 59, 2023-жылдын 29-майындагы № 278, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 174, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 , 2025-жылдын 5 –августундагы № 469, 2026-жылдын 20-январындагы № 15 , 2026-жылдын 25-мартындагы № 192 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналары;
2) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн (7040 сом) кызматтык маяналарга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелери.
11. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен күтүлүүчү кызматкерлердин кызматтык маяналарына шаардык кеңештин чечимдери менен бекитилүүчү үстөктөрдү жана төлөмдөрдү белгилей алат деп аныкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 192 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2-9-тиркемелерге ылайык;
3) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык;
4) калкты социалдык камсыздоо системасында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулууну кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 11-12-тиркемелерге ылайык;