Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 11-марты № 121
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз элинин айтуучуларынын, материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн иш системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 43 "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:
"33. Кыргыз улуттук "Манас" театры.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун жетинчи абзацындагы "мамлекеттик" деген сөз "улуттук" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун 5-1-пунктчасындагы "мамлекеттик" деген сөз "улуттук" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз улуттук "Манас" театры үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине белгиленген тартипте 47094800 (кырк жети миллион токсон төрт миң сегиз жүз) сом бөлүп берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.