Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-марты № 162
Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №572, 2025-жылдын 15-майындагы № 258 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорунун түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
2) Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин долбоорлору боюнча иштерди жүргүзүүгө тартылган министрликтердин жана ведомстволордун иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорун ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын талаптарына түшүндүрмө берүү боюнча медиаплан (мындан ары - Медиаплан) 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жалпылоо үчүн Иш-чаралар планынын жана Медиапландын аткарылышы жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планынын жана Медиапландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун;
- Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорун колдонуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин координациялоону жана бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 139 "Чанда учуроочу унаа каражаттарынын жана конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген автоунаа каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Техникалык регламентин бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун/Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун/Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №572, 2025-жылдын 15-майындагы № 258 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Иш-чаранын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруунун мөөнөтү | |
1. "Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 001/2011) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар ББ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - ТКМ | ||||
|
| |||
1 | Ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында ББ ТР талаптарын, ошондой эле сыноолордун жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун камтыган стандарттарды, анын ичинде ББ ТР колдонуу, аткаруу жана продукциянын шайкештигин баалоо (ырастоо) үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо эрежелерин сактоо камсыздалган Стандарттардын тизмегин актуалдаштыруу боюнча сунуштарды ЕЭКке берүү | ЭКМ, ЭКМ караштуу СМБ, ШО | Дайыма | |
2 | Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында ББ ТР талаптарын, ошондой эле сыноолордун жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун камтыган стандарттарды, анын ичинде ББ ТР колдонуу, аткаруу жана продукциянын шайкештигин баалоо (ырастоо) үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо эрежелерин сактоо камсыздалган стандарттардын тизмегине киргизүү жөнүндө сунуштарды актуалдаштыруу жана ЕЭКке берүү | ЭКМ, ЭКМ караштуу СМБ | Дайыма | |
3 | Техникалык регламентке өзгөртүү, толуктоо, жокко чыгаруу долбоорлорун жана ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында ББ ТР талаптарын, ошондой эле сыноолордун жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун камтыган стандарттарды, анын ичинде ББ ТР колдонуу, аткаруу жана продукциянын шайкештигин баалоо (ырастоо) үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо эрежелерин сактоо камсыздалган стандарттардын тизмегин талкуулоого кызыкдар тараптарды жана бизнес коомчулугун тартуу менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруу | ТКМ | Дайыма | |
4 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||