Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 26-апрели №231 токтомуна ылайык) |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары,
экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология"
мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-октябрындагы № 518, 2024-жылдын 13-мартындагы № 105, 2025 - жылдын 10-апрелиндеги № 194, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
4. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруучу орган) саналат.
6. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: государственное предприятия "Кыргызгеология" при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики;
3) англис тилинде: "State Enterprise "Kyrgyzgeology" under the Ministry of natural resources, ecology and technical supervision of the Kyrgyz Republic".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызгеология" МИ;
2) расмий тилде: ГП "Кыргызгеология";
3) англис тилинде: "SE Kyrgyzgeology".
7. Ишкананын юридикалык дареги: 720739, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.