Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 249
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808
2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 249
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808
2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 , 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)
1. 2022-жылдын 1-майынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары - Фонд) максаттары же өзүнүн өндүрүшү үчүн ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн Фонд тарабынан;
- өзүнүн өндүрүшү же Фонддун же башка ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн ун өндүрүүчү тарабынан;
2) Фонддун жана/же ун өндүрүүчүнүн дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу берүүлөргө;
3) ата мекендик дандан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1101), улпакты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2302 30 100 0) салык салынуучу берүүлөргө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 , 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-1. 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) өсүмдүк майына андан ары кайра иштетүү үчүн гана өсүмдүк майын өндүрүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген рафинирленбеген өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 9, 1512 11 990 9, 1514 11 900 9 жана 1512 21 900 0) салык салынуучу импортуна;
2) ата мекендик рафинирленбеген өсүмдүк майынан жана/же ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн рафинирленбеген өсүмдүк майынан өндүрүлгөн өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 1, 1512 19 900 2, 1512 11 990 1, 1512 19 900 3, 1514 11 900 1, 1512 19 900 9, 1514 99 900 1, 1514 99 900 9, 1514 11 900 1 жана 1512 29 900 0) салык салынуучу берүүлөргө.