Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 30-апрели № 249

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718 токтомунун редакцияларына ылайык)

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2022-жылдын 1-майынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:

- андан ары ун өндүрүүчүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жеткирилген шартта гана субъект тарабынан;

- андан ары ун кылып тартуу үчүн ун өндүрүүчүнүн өзү же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан;

2) ун өндүрүүчүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу жеткирүүлөргө;

3) ата мекендик дандан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1101) салык салынуучу жеткирүүлөргө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718 токтомунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктундагы "1-августунан" деген сөздөр "1-майынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Товарларга карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы тиркемеге ылайык белгиленсин.";

2) 2-пунктундагы "айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн" деген сөздөр "айыл чарба жерлерине мүлккө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде: