КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 249
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718 токтомунун редакцияларына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 1-майынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:
- андан ары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жеткирилген шартта гана субъект тарабынан;
- андан ары ун кылып тартуу үчүн ун өндүрүүчүнүн өзү же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан;
2) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу жеткирүүлөргө;
3) ата мекендик дандан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1101), улпакты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2302 30 100 0) салык салынуучу жеткирүүлөргө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718 токтомунун редакцияларына ылайык)
11. 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) өсүмдүк майына андан ары кайра иштетүү үчүн гана өсүмдүк майын өндүрүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген рафинирленбеген өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 9, 1512 11 990 9, 1514 11 900 9 жана 1512 21 900 0) салык салынуучу импортуна;
2) ата мекендик рафинирленбеген өсүмдүк майынан жана/же ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн рафинирленбеген өсүмдүк майынан өндүрүлгөн өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 1, 1512 19 900 2, 1512 11 990 1, 1512 19 900 3, 1514 11 900 1, 1512 19 900 9, 1514 99 900 1, 1514 99 900 9, 1514 11 900 1 жана 1512 29 900 0) салык салынуучу жеткирүүлөргө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы "1-августунан" деген сөздөр "1-майынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: