Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна) |
Салык карызын өндүрүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карызын өндүрүп алуу тартибин жөнгө салат.
2. Эгерде ушул Тартипте башкача каралбаса, ушул Тартип салык кызматынын органдары башкаруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (мындан ары – камсыздандыруу төгүмү) жана салыктык эмес кирешелер боюнча карыздарга карата колдонулат.
2-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу
3. Салык милдеттенмеси акчалай милдеттенме болуп саналат жана Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеменин белгилери болбогон чет өлкөлүк уюмдун чет өлкөлүк валютада аткарышы мүмкүн болгон салык милдеттенмесин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом менен аткарылат.
Салык милдеттенмесин эсептөөдө салык милдеттенмесинин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.
4. Салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же башка үчүнчү жак тарабынан салыктын бардык эсептелген суммасын төлөөнүн эсебине накталай эмес формада дароо же бөлүк-бөлүк боюнча төлөө аркылуу, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда жана салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан аткарылат.
5. Уюмду; жоюлуп жаткан төлөөгө жөндөмдүү уюмду же жеке ишкерди; каза болгон же каза болду деп жарыяланган жеке ишкерди; дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке жакты кайра уюштурууда салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салыктык карыздарды жоюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (мындан ары – Салык кодекси) каралган тартипте жүргүзүлөт.
6. Банкрот деп таанылган же жарыяланган, төлөөгө жөндөмсүз уюмдун же жеке ишкердин салыктык милдеттенмесин аткаруу жана салык карыздарын жоюу Салык кодексинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган администратор салык органына төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт:
– банкроттук процесстин башталгандыгы жөнүндө жана соттун же кредиторлордун чогулушунун карызкорду банкрот деп таануу (жарыялоо) тууралуу чечимдин (соттон тышкаркы тартипте банкроттук процессинде) көчүрмөсүн жиберет;
– банкроттук процесстин аяктагандыгы жөнүндө жана юридикалык жакты жоюу (соттук/соттон тышкаркы тартипте) же соттук тартипте жеке ишкердин ишкердик ишин токтотуу тууралуу чечимдин көчүрмөсүн жиберет.
3-глава. Салык карызын төлөө тартиби
7. Ар бир салыкка карата салык карызы Салык кодексинин 71-беренесинде каралган тартипте төлөнөт.
8. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте төлөнөт.
Көңүл буруңуздар!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 22-майындагы № 364
токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор,
2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө
кирүүчү 1-пункттун үчүнчү абзацын кошпогондо,
2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
|
| 1-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык) |
Салык карызын өндүрүү