Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
2022-жылдын 29-апрели № 233
Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун "з" пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттарды аныктоонун, чегерүүнүн жана чыгымдоонун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттардын эсебинен мамлекеттик органдардын бюджеттик ассигнованиелеринин көлөмүн 30 пайыздан ашык эмес азайтсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
1) 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "ж" жана "з" пунктчалары менен толукталсын:
"ж) бюджеттик кредиттерди жоюунун эсебине республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардан чегерүүлөр;
з) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттар.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"13-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттар атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттардын Тартибине жана Тизмегине ылайык чегерилет.".
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
| ||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233 токтомуна) |
Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттарды аныктоонун, чегерүүнүн жана чыгымдоонун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип салыктык эмес кирешелердин эсебинен мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу башка каражаттарды аныктоонун, чегерүүнүн жана чыгымдоонун негизги принциптерин жана тартибин белгилейт.
2. Башка каражаттар болуп атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттардын тизмегинде (мындан ары - Тизмек) белгиленген өлчөмдөрдө каралган салыктык эмес кирешелер саналат.
Башка каражаттардын булактары катары жыйымдар, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше, алымдар, чегерүүлөр, акы төлөнүүчү иштер жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине кирбеген кызмат көрсөтүүлөр, администрациялык айыптар жана башка салыктык эмес кирешелер болушу мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобонун чыгымдоо тартиби боюнча ченемдери башка каражаттарга карата колдонулбайт.
2. Тизмекти түзүүнүн тартиби
4. Салыктык эмес кирешелердин булактарын Тизмекке киргизүүнүн негизги критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) башка каражаттардын булагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган;
2) башка каражаттардын булагы бул ведомствого ресурстардын администраторлору боюнча бюджетке түшүүлөрдүн булактарынын реестринде (тизмегинде) бекитилген;
3) түшүүлөрдү көбөйтүүдө дем берүүчү фактордун болушу;
4) 30 пайыздан ашык эмес бюджеттик ассигнованиелерди алмаштыруу;
5) тең салмактуулук жана тилектештик, б.а. башка каражаттар катары каралган жыйымдардын, менчиктен түшкөн кирешелердин, айыптардын жана өндүрүп алуулардын бир бөлүгү атайын эсептерге чегерилүүдөн тышкары бюджеттин киреше бөлүгүндө топтолуучу эсепте чагылдырылууга тийиш.
5. Башка каражаттардын булактары эки категорияга бөлүнөт: