Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-апрели № 221
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 272, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды жогорулатууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4, 51, 59, 261-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу (мындан ары - товарларды эсепке алуу пункттары) жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата товардык коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - СМR же коштомо кагаз. эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер 2-тиркемеге ылайык.
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу, аларды пайдалануу жана кайтаруу тартиби 3-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 272 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы эл аралык аба катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын тизмесинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
3 | "Ысык-Көл" аэропорту | Ысык-Көл облусу, Тамчы а., "Ысык-Көл" аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
2) жогоруда аталган токтомдун 6-1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 6-2-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик контролду (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу орган болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталсын.
4. Товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган мамлекеттик органдар:
1) товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине тартылган кызмат адамдарынын күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылсын;
2) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине тартылган мамлекеттик органдардын жоболоруна тиешелүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.