Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында
баалоочуларды сертификаттоо
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137, 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 , 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартиби (мындан ары - Тартип) мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерленген жеке жактарды, анын ичинде чет өлкөлүк жактарды сертификаттоо тартибин регламенттейт.
2. Бул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
сертификаттоо - баалоо ишин жүргүзүү үчүн баалоочунун квалификациясынын (категориясынын) жана кесиптик билиминин тийиштүү деңгээлин ырастоонун милдеттүү жол-жобосу;
талапкер - квалификациялык экзаменге катышууга каалоосун билдирген жана баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерленген жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасында баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы;
квалификациялык экзамен - талапкерлердин билимдерин, көндүмдөрүн жана жөндөмдүүлүгүн баалоо жол-жобосу;
экзамендик комиссия - талапкерлерди квалификациялык экзаменден өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан түзүлгөн комиссия;
апелляциялык комиссия - талапкерден квалификациялык экзамендин жыйынтыктарына аппеляция жөнүндө арыз келип түшкөн учурда аны кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан түзүлгөн комиссия;
квалификациялык экзамендин программасы - баалоочунун квалификациялык сертификатын алууга талапкерлердин квалификациясын тастыктоо үчүн талап кылынган экзамендик суроолордун бөлүмдөргө топтоштурулган темалардын жыйындысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы - республиканын ишкерлеринин кызыкчылыктарын билдирүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасын, башка өлкөлөр менен өндүрүштүк, илимий-техникалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү жүргүзүүчү мамлекеттик эмес уюм.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сертификаттоону уюштуруу
3. Баалоочунун кесиптик квалификациясын жана квалификациялык сертификатты алуу максатында талапкер квалификациялык экзамендин программасы боюнча квалификациялык экзамен тапшырат.
4. Квалификациялык экзаменди өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.
Бекитилген график квалификациялык экзаменди өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун камтыйт жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын расмий сайтында жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу экзамендин белгиленген күнүнө чейин эки ай мурун башталат жана экзамен башталганга чейин он жумуш күн калганда аяктайт.
6. Эгерде документтерди берүүнүн белгиленген мөөнөтүнө карата талапкерлердин жалпы саны он адамдан аз болсо, анда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы экзамендик комиссия менен макулдашуу боюнча квалификациялык экзаменди белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 , 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 токтомунун , редакциясына ылайык)
7. Квалификациялык экзамен эки тур менен өткөрүлөт.
Биринчи тур талапкердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо, ошондой эле баалоо иши боюнча квалификациясынын жана билим деңгээлин аныктоо максатында теориялык суроолордон турган тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.
Тестирлөө мамлекеттик жана/же расмий тилде өткөрүлөт.
Экинчи тур талапкердин билимин, иш тажрыйбасын ырастоо жана потенциалын ачуу, талапкердин баалоо ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө даярдыгын аныктоо максатында аңгемелешүү түрүндө өткөрүлөт.
8. Тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн объективдүүлүгү билим берүү системасы үчүн каралган талапкерлер үчүн тестирлөөнүн мазмуну, шарттары, убактысы, жыйынтыктарды эсептөө стандарты менен камсыз кылынат.
9. Квалификациялык экзамендин программасы (тестирлөө жана аңгемелешүү суроолору) баалоо боюнча жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу жогорку окуу жайларын жана баалоо иши жаатындагы кесиптик бирикмелерди тартуу менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан иштелип чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Тестирлөө үчүн суроолор баалоо ишинин ар бир багыты жана квалификациялык деңгээлдери үчүн өзүнчө иштелип чыгат.
11. Тесттин жыйынтыгы боюнча өтүү баллы он жооптордун 70%дан кем эмесин түзөт.
12. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча өтүү баллын топтогон талапкерлер экинчи турга чакырылат.
13. Экзамендик комиссия экинчи турда экзаменди тапшыруунун ийгиликтүүлүгүн жөнөкөй добуш берүү менен аныктайт.
14. Квалификациялык экзамендин программасы жана квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Баалоонун түрлөрү жана баалоочулардын деңгээли
15. Баалоочуларды сертификаттоо баалоочунун билдирилген квалификациялык деңгээлине ылайык жүргүзүлөт.
16. Мүлктүк комплексти жана мүлктүк укуктарды баалоо, баалоонун төмөнкү түрлөрүнө бөлүнөт:
- кыймылсыз мүлктү баалоо;
- кыймылдуу мүлктү баалоо;
- жер казынасынын объектилерин жана жаратылыш ресурстарын баалоо;
- интеллектуалдык менчикти жана материалдык эмес активдерди баалоо;
- бизнести баалоо.
17. Баалоочулардын квалификациялык деңгээлдери төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- экинчи категориядагы кыймылсыз мүлктү баалоочу;
- экинчи категориядагы кыймылдуу мүлктү баалоочу;
- биринчи категориядагы баалоочу;
- жогорку категориядагы баалоочу.
18. Баалоочулар квалификациялык деңгээли боюнча төмөнкү багыттар боюнча баа бере алышат:
- экинчи категориядагы кыймылсыз мүлктү баалоочу: имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды, жер участокторун;
- экинчи категориядагы кыймылдуу мүлктү баалоочу: транспорт каражаттарын, машиналарды, механизмдерди жана жабдууларды;
- биринчи категориядагы баалоочу: жер казынасынын объектилерин жана жаратылыш ресурстарын, интеллектуалдык менчикти жана материалдык эмес активдерди, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү;
- жогорку категориядагы баалоочу: бизнес объектилери, анын ичинде баалуу кагаздардын наркы, ошондой эле ушул Тартиптин 16-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстин жана мүлктүк укуктардын бардык түрлөрү.
4. Талапкерлерге коюлуучу талаптар
"19. Квалификациялык экзаменди тапшырууга төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге уруксат берилет:
1) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү экинчи категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок;
2) биринчи категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо иши боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок;
3) жогорку категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо иши боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок.