Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилди) |
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык
капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы
мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде
алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды
уюштуруунун жана ишке ашыруунун
ТИПТҮҮ ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 216, 2024-жылдын 23-июлундагы № 404, 2024-жылдын 14-августундагы № 470, 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 660, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 745, 2024-жылдын 26-декабрындагы № 803, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 825, 2025-жылдын 12-мартындагы № 127, 2025-жылдын 26-мартындагы № 154, 2025-жылдын 1-июлундагы № 384, 2025-жылдын 30-июлундагы №458, 2025-жылдын 6-октябрындагы № 638, 2025-жылдын 8-октябрындагы № 647, 2026-жылдын 15- январындагы № 8 , 2026-жылдын 18-февралындагы № 114, 2026-жылдын 9-мартындагы № 164 , 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 245 , 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 263, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 279, 2026-жылдын 13-майындагы № 334, 2026-жылдын 13-майындагы № 340, 2026-жылдын 10-августундагы № 532
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Колдонуу чөйрөсү, милдеттер жана принциптер
1. Бул Типтүү тартип мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруунун жана ишке ашыруунун алкактык жоболорун аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 825 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, сатып алууларга тобокелдүү багытталган мамилени колдонуу менен заказчынын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөсүн өз убагында жана толук канааттандыруу максатында заказчы төмөнкү принциптерге негизделет:
1) үнөмдүүлүк - баа, сапат сыяктуу факторлорду жана зарылдыгына жараша заказчынын экономикалык жана финансылык жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеген башка баа эмес мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен сатып алууларды жүргүзүүнү билдирет;
2) натыйжалуулук - сатып алуу жол-жоболору объектинин наркын жана натыйжага жетүү тобокелдиктерин эске алып, ишке ашыруу потенциалын, убакыттын чектелишин жана чыгымдардын натыйжалуулугун көңүлгө алуу менен пландалган иш-чараларга шайкеш келиши керек;
3) адилеттүүлүк:
- тооруктун мыйзамдуу катышууларына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана укуктарды берүү;
- заказчы менен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ортосунда укуктарды жана милдеттерди адилеттүү бөлүштүрүү;
- сатып алуулар менен байланышкан даттанууларды жана укуктук коргоо үчүн кайрылууларды кароонун ишенимдүү механизминин болушу;
4) ачыктык жана айкындуулук - тиешелүү документтерди иштеп чыгуу жана сатып алуу процессин текшерүү аркылуу заказчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- сатып алуулар жөнүндө маалыматты бардык кызыкдар тараптар үчүн системага өз убагында жана иреттүү жайгаштырууга;
- сатып алуулар боюнча талаптагыдай отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- негизделген учурларда гана келишимдерде купуялуулукту сактоо жөнүндө жобону колдонууга;
5) чынчылдык жана сатылбастык - сатып алууларга карата кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жана коррупция менен паракорлук көрүнүштөрүнө жол бербөөчү талаптарды сактоо.