Документке
Мурунку11.03.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 11-марты № 134

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун компоненттерин ишке ашыруунун алкагында салык кызматынын маалыматтык системаларынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана салыктык жөнгө салуунун сапатын жогорулатууда анын кызыкчылыктарына көмөк көрсөтүү, тышкы экономикалык иш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, салык инфратүзүмүн колдоо жана жаңылоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө (мындан ары - Мекеме, ММ) жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренесинде каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесине 257000000 (эки жүз элүү жети миллион) сом суммасында каражат бөлүп берсин;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

1) Мекемени юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

2) Мекеменин ишин ушул токтомдон келип чыгуучу материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздоо маселелерин чечсин.

3) ушул токтомдун 3-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын;

4) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

Эскертүүсү: Берилген токтомдун 4-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 4-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

5. Төмөнкүлөр киргизилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык баяндалсын;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү:

аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пунктунда:

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" сабында "4721", "1000" цифралары тиешесине жараша "4802", "965" цифраларына алмаштырылсын;

- "ведомстволук бөлүмдөрү" сабында "3929", "807" цифралары тиешесине жараша "4010", "772" цифраларына алмаштырылсын.

Эскертүүсү: Берилген токтомдун 5-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 5-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси бул чөйрөдөгү рыноктук эмгек акынын иш аракеттеги өлчөмүн талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин штаттык расписаниесин бекитет жана кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктайт.

Эскертүүсү: Берилген токтомдун 6-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 6-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

Эскертүүсү: Берилген токтомдун 7-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 7-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров

 

 

 

 

2-тиркеме

 

 

 

 

 

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

 

Жаңы13.06.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 11-марты № 134

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун компоненттерин киргизүүнүн алкагында салык кызматынын маалыматтык системаларынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, ошондой эле салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана салыктык жөнгө салуунун сапатын жогорулатууда анын кызыкчылыктарына көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети мекен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесине 257 000 000 (эки жүз элүү жети миллион) сом суммасында акча каражатын бөлүп берсин;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

51. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пунктунда:

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген саптагы "4721", "1000" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "4802", "965" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "ведомстволук бөлүмдөрү" деген саптагы "3929", "807" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "4010", "772" деген цифралар менен алмаштырылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2022-жылдын 22-мартында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров

 

 

2-тиркеме

 

 

"2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу

cхемасы