Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 |
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын
кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлу № 369, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 , 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат.
2. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы кызматтык маянадан, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү кошумча акылардан, үстөк акылардан турат.
3. Саламаттык сактоо уюмдарында минималдуу базалык ставкалардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленет.
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш убактысынын ченемин аткарууну жана эмгекке катышуу коэффициентин эске алуу менен эсептелет. Ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык үстөк акылар жана кошумча акылар башка жогорулатууларды жана үстөк акыларды эске албастан кызматтык маянага карата белгиленген өлчөмдөрдө эсептелет.
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Кызматтык маяна - компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан, кызматкерлердин бир календарлык ай үчүн бир ставкада кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн эмгек акысы.
Эмгек акы - татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөк акылар жана кошумча акылар түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр кепилденген эмгек акыга эсептелген райондук коэффициентти кошпогондо, кызматтык маянага карата абсолюттук чоңдуктарда же пайыздар менен белгиленет.
Дем берүүчү жана компенсациялык үстөк акылар - кызматкерлерди кыйла жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүгө, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берүүчү белгиленген кызматтык маянанын үстүнө кошумча үстөк акылар.
Компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү үстөк акылар конкреттүү акчалай суммада же кызматтык маянанын белгилүү бир пайызында, ошондой эле эмгекке катышуу коэффициенти аркылуу төлөнүшү мүмкүн.
Эмгекке катышуу коэффициенти (мындан ары - ЭКК) - уюмдун ишинин жалпы натыйжаларына ар бир кызматкердин эмгектик салымын жалпыланган сапаттык жана сандык баалоо.