Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

 

2-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна)

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Ушул Жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35, 44-беренелерине жана кесиптик билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана даярдоо багыттары, адистиктер жана жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары (мындан ары - билим берүү уюму) боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын бөлүштүрүү тартибин аныктайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

2. Мамлекеттик билим берүү гранты (мындан ары - грант) -республика үчүн артыкчылыктуу багыттар жана адистиктер боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик заказга киргизилген багыттар же адистиктер боюнча жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик уюмда (мындан ары - ЖОЖ) окууга мамлекет тарабынан конкреттүү адамга (мындан ары - грант ээси) бөлүнүүчү финансы каражаттары.

3. Бюджеттик орун - республика үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик заказга киргизилген адистиктер боюнча кесиптик орто билим берүүчү мамлекеттик уюмда (мындан ары - КООЖ) окууга мамлекет тарабынан бөлүнүүчү жана республикалык бюджеттен каржылануучу орун.

4. Министрликтер, адистиктер боюнча гранттардын, бюджеттик орундардын өлчөмү жана саны Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2-глава. Гранттык жана бюджеттик орундарга кабыл алуу планын түзүүнүн тартиби

5. Кадрларды даярдоо гранттардын жана бюджеттик орундардын эсебинен ишке ашырылуучу даярдоо багыттарынын жана адистиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын иш менен камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлүүчү эмгек ресурстарына болгон керектөөнүн жыйынды болжолунун негизинде аныкталат.

6. Эмгек ресурстарына болгон керектөөнүн жыйынды болжолу республиканын билим берүү уюмдарына жеткирилет жана алар тарабынан өз регионундагы иш берүүчүлөр менен кадрларды даярдоого эки тараптуу келишимдерди түзүү үчүн колдонулат.

7. Даярдоого келишим конкреттүү министрлик, мамлекеттик комитет, ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ишкана, мекеме (мындан ары - иш берүүчүлөр) менен түзүлөт. Келишимге ылайык билим берүү уюму гранттын эсебинен тийиштүү адистиктер жана багыттар боюнча кадрларды даярдоого милдеттенет, иш берүүчү билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн аталган багыттар жана адистиктер боюнча окууну бүткөндөн кийин ишке орноштурууга милдеттенет.

8. Даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча гранттык орундарды бөлүүгө өтүнмө билим берүү уюму тарабынан ыйгарым укуктуу органга жыл сайын 1-январга чейин берилет.

9. Өтүнмө эмгек ресурстарына болгон керектөөнүн жыйынды болжолуна киргизилген адистиктерге жана багыттарга гана берилет жана милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- тийиштүү окуу жылында ар бир багыт жана адистик боюнча кадрларды даярдоого иш берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматты;

- өткөн мезгилде ар бир адистик боюнча билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу жөнүндө маалыматты.

10. Берилген өтүнмөлөрдүн негизинде ыйгарым укуктуу орган Тиешелүү окуу жылына гранттардын, бюджеттик орундардын негизинде даярдоо багыттарынын, адистиктердин жана кабыл алуу көлөмүнүн тизмегинин долбоорун түзөт.