КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12 июлу № 379
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө
Жол чарбасы жаатындагы мамлекеттик программалардын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун курулушун, капиталдык жана орточо оңдоону долбоорлоо чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү долбоорлордун аткарылышын тездетүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы учурдагы бюджеттин жана мамлекеттик капиталдык салымдардын бюджетинин объекттери боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун капиталдык жана орточо оңдоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн подрядчысы болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы жана "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууну долбоорлоо боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, шаарларды кошпогондо, жаңы автомобиль жолдорун курууга заказчы болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ведомстволук "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы жана "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн объекттеринин тизмесин аныктоого ыйгарым укук берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |