Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12 июлу № 379
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 635, 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жол чарбасы жаатындагы мамлекеттик программалардын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун курулушун, капиталдык жана орточо оңдоону долбоорлоо чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү долбоорлордун аткарылышын тездетүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы учурдагы бюджеттин жана мамлекеттик капиталдык салымдардын бюджетинин объекттери боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун капиталдык жана орточо оңдоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн подрядчысы болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12 июлу № 379
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №635, 2025-жылдын 20-мартындагы № 140, 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жол чарбасы жаатындагы мамлекеттик программалардын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун курулушун, реконструкциялоосун, капиталдык жана орточо оңдоону долбоорлоо чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү долбоорлордун аткарылышын тездетүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы учурдагы бюджеттин жана мамлекеттик капиталдык салымдардын бюджетинин объекттери боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, капиталдык жана орточо оңдоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн подрядчысы болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140, 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы жана "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууну, реконструкциялоону, капиталдык жана орточо оңдоону долбоорлоо боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, капиталдык жана орточо оңдоо боюнча заказчы болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июлундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ведомстволук "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы жана "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн объекттеринин тизмесин аныктоого ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасында жолдорду куруу, реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорлорго тартылган подрядчы уюмдар кол коюлган жана ратификацияланган кредиттик макулдашуулардын жоболоруна ылайык төмөнкүлөрдөн бошотулсун: