Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 523, 2026-жылдын 18-мартындагы № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин максаттарын, милдеттерин, курамын, ыйгарым укуктарын жана иш тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону, ошондой эле аларды комплекстүү колдоо жана илгерилетүү боюнча чараларды камсыз кылуучу консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
"Стратегиялык инвестициялык долбоорлор" термини улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча долбоорлорду билдирет.
"Өнүктүрүү институттары" термини максаттары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы долбоорлорду каржылоо, ошондой эле мамлекеттик жана тармактык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга катышуучу болуп саналган институттарды жана коммерциялык банктарды билдирет.
Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) караштуу консультациялык-кеңешүүчү орган түрүндө түзүлөт.
Координациялык кеңештин максаты Кыргыз Республикасында стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү институттарынын жана банктардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ресурстарын консолидациялоо болуп саналат. Координациялык кеңеш туруктуу кеңешүүчү орган катары иштейт жана анын чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
Координациялык кеңеш юридикалык жак болуп саналбайт жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш эмес.
Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана тармактык стратегиялык документтерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. Мында өнүктүрүү институттарынын уставдык документтеринин жоболору эске алынат.
2. Координациялык кеңештин милдеттери жана функциялары
Координациялык кеңештин негизги милдети улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча конкреттүү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго байланыштыруу менен мамлекеттик колдоонун, жеткиликтүү каржылоонун жана натыйжалуу бизнес-башкаруунун стандарттарын киргизүү боюнча консалтингдин даректүү механизмдеринин күч-аракеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн консолидациялоо болуп саналат.
Бул милдетти чечүү үчүн Координациялык кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат: