Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна) |
Түз сүйлөшүүлөр аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ыйгаруу жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Түз сүйлөшүүлөр аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ыйгаруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - МЖӨ жөнүндө Мыйзам) 11-беренесинин 3-бөлүгүн практикалык ишке ашыруу жана укуктук механизмдерин түзүү максатында иштелип чыккан.
2. Бул жобо инвестициялардын суммасы бир миллиард сомдон ашкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары - МЖӨ) түз сүйлөшүүлөр жолу менен конкурс өткөрбөстөн ыйгаруу тартибин аныктайт. Инвестициялар деп МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 7-беренесинде аныкталган өнөктөштөрдүн материалдык жана/же материалдык эмес активдери түрүндөгү МЖӨ долбоорун ишке ашырууга салымдар түшүнүлөт.
3. Түз сүйлөшүүлөр аркылуу МЖӨ долбоорун ыйгаруу үчүн кайрылуу ээси мамлекеттик өнөктөш тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.
Кайрылуу ээси МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусу болуп саналат.
4. Түз сүйлөшүүлөрдү жана МЖӨ долбоорун ыйгаруу мамлекеттик өнөктөш тарабынан ишке ашырылат.
5. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
- МЖӨ долбоорун потенциалдуу аткаруучу - жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттик мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жак, түз сүйлөшүүлөр аркылуу МЖӨ долбоорун ыйгарууга кызыкдар консорциум;
- түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга чакыруу - мамлекеттик өнөктөш тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген документ, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту же жеке демилге жөнүндө сунушту (МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 5-беренесинин 10-пунктунун "а" пунктчасында каралган маалымат гана);
б) МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучуларына квалификациялык талаптарды;
в) жогоруда аталган классификациялык талаптарды баалоо критерийлерин;
г) түз сүйлөшүүлөр аркылуу МЖӨ долбоорун ыйгаруу үчүн өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтүн;
д) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун;
е) МЖӨ долбооруна жана/же МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучуларына карата талаптарды белгилеген башка маалыматтарды;
- түз сүйлөшүүлөр - бул белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучулары менен тийиштүү МЖӨ долбоорун ыйгаруу боюнча сүйлөшүүлөр;
- ушул жободо колдонулган башка терминдер МЖӨ жөнүндө Мыйзамда аныкталган мааниде колдонулат.
II. МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусу тарабынан жүргүзүлгөн түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосу
6. Кызыкдар тарап болуп саналган МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусу түз сүйлөшүүлөр аркылуу МЖӨ долбоорун ыйгарууга талапкер болууга мүмкүндүк алуу үчүн МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети бар экендиги тууралуу катты жана МЖӨ жөнүндө Мыйзамда аныкталган мааниде жеке демилге жөнүндө сунушту МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине жиберет.
7. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке демилге жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 20 календардык күндөн ашпаган убакытта компетенциясына МЖӨ долбоорунун иш чөйрөсү кирген мамлекеттик өнөктөштү кабарлап, аны менен бирге мындай сунушту кабыл алуу же четке кагуу тууралуу чечимди карайт жана кабыл алат.
МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мамлекеттик өнөктөштүн ортосунда жеке демилгенин сунушун кароонун жыйынтыгы боюнча позициялар келишпеген учурда жеке демилгенин сунушун четке кагуу жөнүндө чечимди кабыл алган тарап экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирет. Мындай учурда МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясы артыкчылыктуу болот.
МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик өнөктөш жеке демилге жөнүндө сунуш түшкөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кошумча документтерди жана маалыматтарды, анын ичинде берилген сунушту ишке ашыруу үчүн МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусунун тажрыйбасы жана классификациясы жөнүндө документтерди жана маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле жеке демилге жөнүндө сунушту МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же мамлекеттик өнөктөштүн алдында турган максаттарга, милдеттерге, программаларга жана пландарга ылайык келтирүү үчүн алар менен деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
8. Эгерде МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоо алууну караштырса, жеке демилге жөнүндө сунуш бюджеттик саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бюджеттик тобокелдиктердин келип чыгуу предметине макулдашылууга тийиш. Макулдашуу тиешелүү документтер жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
9. Жеке демилге жөнүндө сунуш четке кагылган учурда МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусуна ал кетирген чыгымдардын орду толтурулбастан жеке демилгеси жөнүндө сунушун четке кагууну негиздеген жазуу жүзүндөгү жүйөлүү корутундуну жөнөтүшү керек. Сунуш четке кагылгандан кийин МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусу берилген тиешелүү документтердин бардык түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн кайтарып алуу талабы коюуга укуктуу, ал эми МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды берүүгө милдеттүү.
10. Жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу тууралуу чечим чыгарылган учурда МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай чечим чыгарылган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- компетенциясына МЖӨ долбоорунун иш чөйрөсү кирген кызыкдар мамлекеттик жана башка органдарга бул тууралуу билдирүүгө;
- жеке демилге жөнүндө сунуштун кабыл алынгандыгы жана түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү этабына өтүү жөнүндө мамлекеттик өнөктөшкө билдирүүгө.
Мамлекеттик өнөктөш ушул Жобонун IV главасына ылайык тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
III. Мамлекеттик өнөктөш тарабынан түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосун демилгелөө тартиби
11. Мамлекеттик өнөктөш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен МЖӨ долбоорун демилгелөөгө укуктуу.
Эгерде МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоо алууну караштырса, долбоорду ишке ашыруу жөнүндө сунуш бюджеттик саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бюджеттик тобокелдиктердин келип чыгуу предметине макулдашылууга тийиш. Макулдашуу тиешелүү документтер жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
12. Андан ары ушул Жобонун 11-пунктун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик өнөктөш ушул Жобонун IV бөлүмүнө ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
IV. Түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу МЖӨ долбоорун ыйгаруу тартиби
13. МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучулары менен МЖӨ долбоорунун шарттары боюнча түз сүйлөшүүлөрдү камсыз кылуу аркылуу МЖӨ жөнүндө пайдалуу макулдашууларды түзүү үчүн мамлекеттик өнөктөш 20 календардык күндүн ичинде өзүнүн расмий веб-сайтына жана/же эл аралык атайын маалыматтык ресурстарда түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга чакырууну сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларын болушунча көп камтуу үчүн бекитет жана жарыялайт.
14. Эгерде мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучуларын билсе, анда түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосуна катышууга чакыруу дарек ээлерине түз жөнөтүлөт.
15. МЖӨ долбоорлорунун потенциалдуу аткаруучулары менен түз сүйлөшүүлөр экиден кем эмес кайрылуу ээлери менен жүргүзүлүшү керек, квалификациялык талаптарга жооп берген бир гана өтүнмө берилген учурларды кошпогондо.
16. Түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү чогултуу мамлекеттик өнөктөш тарабынан түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга чакырууда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде, бирок тиешелүү чакыруу жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен жүзөгө ашырылат.
17. Мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучулары менен түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү чогултуунун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин 15 календардык күндүн ичинде түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
18. Түз сүйлөшүүлөрдүн жана белгиленген критерийлерге ылайык квалификациялык талаптарды баалоонун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик өнөктөш түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин 10 календардык күндүн ичинде квалификациялык талаптарга жооп берген жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун эң мыкты шарттарын сунуштаган МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусуна ыйгарат.
19. Эгерде түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү чогултуунун жыйынтыктары боюнча жеке демилге жөнүндө сунуш берген МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусунун өтүнмөсүнөн тышкары:
а) түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга башка өтүнмөлөр келип түшпөсө, анда мамлекеттик өнөктөш түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү чогултуунун акыркы мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусуна, ал квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта МЖӨ долбоорун ыйгарат;
б) МЖӨ долбоорунун башка потенциалдуу аткаруучуларынан түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөр келип түшсө, алардын ар бири менен, эгерде алар квалификациялык талаптарга жооп берсе, сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосу өткөрүлөт. МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү 15 календардык күндөн ашпоого тийиш. Мында эгерде МЖӨ долбоорунун башка потенциалдуу аткаруучусу алда канча пайдалуу сунуш киргизсе, анда жеке демилге жөнүндө сунуш берген МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусуна мамлекеттик өнөктөштөн билдирүү алган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде сунушун алда канча пайдалуу сунуштун шарттарына ылайык келтирүү укугу берилет. Эгерде жеке демилге жөнүндө сунуш киргизген МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусу бул укугун пайдаланса, анда ага МЖӨ долбоору ыйгарылат. Эгерде жеке демилге жөнүндө сунуш берген МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусу бул укуктан пайдаланбаса, анда анын жеке демилге жөнүндө сунушун даярдоо боюнча документтер менен ырасталган чыгымдары МЖӨ макулдашуусун түзгөн МЖӨ долбоорунун башка потенциалдуу аткаруучусу тарабынан орду толтурулууга тийиш.
20. Жеке демилге жөнүндө сунуш, жеке демилге жөнүндө сунушка тиркелген документтер жана маалыматтар жашыруун болуп саналат жана мамлекеттик өнөктөш аларды мындай сунушка баа берүү максатында гана пайдаланышы керек. Мамлекеттик өнөктөш жеке демилге жөнүндө сунушта камтылган маалыматтарды ушул сунушту берген МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусунун макулдугу менен гана ачууга укуктуу. Мында МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 5-беренесинин 10-пунктунун "а" пунктчасында каралган жеке демилге жөнүндө сунуштагы маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн МЖӨ долбоорунун потенциалдуу аткаруучусунун макулдугу талап кылынбайт.
V. Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү
21. Түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жол-жобосу аяктагандан кийин мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбоорун ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзөт. Эгерде консорциум жеңүүчү деп таанылса, МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү мөөнөтү кошумча 20 календардык күнгө узартылышы мүмкүн. Түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу МЖӨ долбоорун потенциалдуу аткаруучусуна ыйгаруу жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө мамлекеттик өнөктөштүн расмий веб-сайтына же МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жарыяланат. Маалыматта МЖӨ долбоорунун бардык жашыруун эмес аспекттери тууралуу кыскача маалыматтар камтылышы керек.
22. Эгерде ушул Жобонун 21-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жеке өнөктөш МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, мамлекеттик өнөктөш аны дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосун аткарылган жок деп тааныйт.
23. МЖӨ долбоорун ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү МЖӨ жөнүндө макулдашууга жана МЖӨ жөнүндө Мыйзамга ылайык мамлекеттик өнөктөш тарабынан жүзөгө ашырылат.
VI. Башка жоболор
24. Мамлекеттик өнөктөштүн, башка кызыкдар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын, ошондой эле түз сүйлөшүүлөр аркылуу МЖӨ долбоорун ыйгаруу жол-жобосуна катышкан башка субъекттердин аракеттерине административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте же сот тартибинде даттанууга мүмкүн.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна) |
Түз сүйлөшүүлөр аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ыйгаруу жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) укуктук механизмдерди түзүү жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - МЖӨ жөнүндө Мыйзам) 11-беренесинин 4-бөлүгүн практикалык ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо инвестициялардын суммасы ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мааниде) 1 млрд. сомдон ашкан учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары - МЖӨ долбоору) конкурс өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу тартибин аныктайт.
3. Түз сүйлөшүүлөр МЖӨ долбоорлорун ыйгаруунун өзгөчө ыкмасы болуп эсептелет жана акыркы жыйынтыктар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетүү шартында ушул Жободо каралган негиздер болгон учурда гана колдонулат.
4. Түз сүйлөшүүлөр төмөндөгү негиздердин бири же бир нечеси болгондо гана колдонулат:
1) эгер МЖӨ жөнүндө Мыйзамга ылайык өткөрүлгөн конкурс өтүнмөлөрдүн (конкурстук сунуштардын) жоктугуна же конкурска катышууга кызыкдар жактардын жоктугуна байланыштуу жана долбоордун параметрлерине акылга сыярлык өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же тобокелдиктерди бөлүштүрүү натыйжалуу атаандаштыкты камсыз кылууга алып келбей тургандыгынын ыктымалдуулугу жогору экенин ырастаган жүйөлөштүрүлгөн жана документ түрүндө таризделген баалоо берилгендигине карабастан, кеминде эки жолу өткөн жок деп таанылса;
2) эгер МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн сөзсүз талап кылынган инфраструктуралык объекттерге, жер тилкелерине өзгөчө менчик, ээ болуу, пайдалануу же контролдоо укуктарына ээ болгон бир гана кызыкдар жактын МЖӨ долбоорун ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүк болсо;
3) МЖӨ долбоорун мыйзамдарда белгиленген тартипте ырасталган уникалдуу укуктарга, технологияларга жана/же активдерге ээ болгон кызыкдар тараптын катышуусу менен гана жүзөгө ашыруу объективдүү мүмкүн болгон учурда.
5. Инвестициялардын суммасы 1 млрд. сомдон ашкан жана жогоруда белгиленген негиздерге кирбеген МЖӨ долбоорлору МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 10, 12-15-беренелерине ылайык конкурс өткөрүү жолу менен гана жүзөгө ашырылат.
6. Түз сүйлөшүүлөр мамлекеттик (республикалык жана/же жергиликтүү) бюджеттен түз каржылоо түрүндө мамлекеттик колдоону караган, башкача айтканда мамлекеттик өнөктөштүн түз милдеттенмелеринин пайда болушуна алып келген МЖӨ долбоорлоруна карата колдонулбайт. Мындай долбоорлор МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 10, 12-15-беренелерине ылайык конкурс өткөрүү жолу менен гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
7. Мамлекеттик өнөктөштүн ачык шарттуу милдеттенмелеринин болушу МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүүлөр жол-жобосунан чыгарууга негиз болуп саналбайт жана бул Жобонун 26, 58-пункттарында каралган тартипте макулдашылууга тийиш. Мамлекеттик өнөктөштүн ачык шарттуу милдеттенмелерине минималдуу киреше кепилдиктери, МЖӨ жөнүндө макулдашууну бузуу учурундагы төлөмдөр, МЖӨ долбоорунун карызын тейлөө боюнча милдеттенмелер, мамлекеттик кепилдиктер жана кепилчиликтер кирет.
8. МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүү жолу менен ыйгаруу үчүн кызыкдар жак ушул Жободо каралган тартипте аныкталган квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
9. Ушул Жободо аныкталган жана колдонулган негизги терминдер:
1) кызыкдар жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн жеке ишкер, юридикалык жак, МЖӨ долбоорун демилгелөөгө жана/же МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөргө катышууга кызыкдар консорциум;
2) квалификациялык талаптар - мамлекеттик өнөктөш тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү, ошондой эле кызыкдар жакка жана/же МЖӨ долбооруна коюлуучу төмөнкү талаптарды камтыган документ (документтер топтому):
- МЖӨ долбоорунун сыпаттамасы (максаттары жана милдеттери, тармактын өнүгүшүнүн артыкчылыктарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына долбоордун шайкештиги, МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу мөөнөтү, болжолдонуучу инвестициялардын өлчөмү, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу болжолдонуп жаткан жер тилкесинин (эгер колдонулса) сыпаттамасы, мында анын жайгашкан жери жана укуктук статусу көрсөтүлөт, аймакты өнүктүрүү (өздөштүрүү) планы, МЖӨ долбоорунун потенциалдуу экологиялык жана социалдык аспектилеринин алдын ала идентификациясы, МЖӨ долбоорун жүзөгө ашырууга кызыкдар болгон жактардын сыпаттамасы, мында алардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктер көрсөтүлөт;
- кызыкдар жакка карата квалификациялык талаптар, ошондой эле аларды баалоонун тартиби, анын ичинде юридикалык статуска карата талаптар, инфраструктуралык жана/же ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруунун ырасталган тажрыйбасы, зарыл финансылык, техникалык жана башка ресурстардын болушу, ошондой эле башка талаптар;
- долбоордун тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына шайкештигин камсыз кылуучу МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жана жеке демилге жөнүндө сунуш берген, ушул Жобонун 32-пунктуна ылайык түз сүйлөшүүлөр жол-жоболорунун натыйжалары боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүлбөгөн алгачкы кызыкдар жактын чыгымдарынын өлчөмү жана компенсациялоо тартиби;
- түз сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкуулоо жана толуктап иштеп чыгуу үчүн арналган МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- кызыкдар жакка жана/же МЖӨ долбооруна карата башка талаптар;
3) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык же башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар;
4) сүйлөшүү тобу - МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мамлекеттик өнөктөш тарабынан түзүлгөн, мамлекеттик өнөктөштүн, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, башка мамлекеттик жана/же муниципалдык органдардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден жана консультанттардан турган жана өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Жободо белгиленген чектерде жана тартипте гана жүзөгө ашыруучу ведомстволор аралык коллегиалдуу орган;
5) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат - МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча таризделген жана кызыкдар жак же мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүүгө тийиш болгон документ;
6) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш - өзүнө төмөнкүлөрдү камтуучу документ:
- МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун максаттарын жана милдеттерин;
- МЖӨ объектине МЖӨнү колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн;
- МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн;
- финансы-экономикалык жана юридикалык талдоону;
- мамлекеттик финансылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоонун түрлөрүн жана көрсөтүү шарттарын;
7) жеке демилге жөнүндө сунуш - төмөнкүлөрдү камтыган документ (документтердин топтому):
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушка киргизилүүгө тийиш болгон маалыматты;
- жеке демилге жөнүндө сунуш менен кайрылган кызыкдар жактын инфраструктуралык объекттер же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасынын бар экендигин ырастоочу документти;
- болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн жана алардын болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүнүн 5 пайызынан кем эмес өлчөмдөгү салымын кепилдөөчү финансы каражаттарынын бар экендигин ырастоочу документти;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттарын;
8) түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга чакыруу - мамлекеттик өнөктөш жана/же МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жободо белгиленген тартипте жарыяланган жана анын ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган расмий кабарлоо: МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын (максаттарын жана милдеттерин, ишке ашыруунун мөөнөтүн, болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн), кызыкдар жакка карата квалификациялык талаптарды, мамлекеттик өнөктөш жөнүндө маалыматтарды, түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн негизин, МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды, түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү берүүнүн тартибин, мөөнөттөрүн жана ыкмасын, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттарын, түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн байланыш маалыматтарын, МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу акыркы чечим түз сүйлөшүүлөр жол-жоболорунун натыйжалары боюнча мамлекеттик өнөктөш тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынарына көрсөтмөнү;
9) түз сүйлөшүүлөр - ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылуучу МЖӨ долбоорун ыйгаруу жол-жобосу, ал МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун шарттарын аныктоо жана макулдашуу максатында бир же бир нече кызыкдар жак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү караган жол-жобо.
Ушул Жободо колдонулуучу башка терминдер эгерде ушул Жободо башкача аныкталбаса, МЖӨ жөнүндө Мыйзамда аныкталган маанилерде колдонулат.
10. Мамлекеттик өнөктөш жана/же МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон учурда МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты, жеке демилге жөнүндө сунуштарды, түз сүйлөшүүлөр жол-жоболоруна катышууга өтүнмөлөрдү баалоону, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун акыркы шарттарын, ошондой эле ушул Жобонун алкагында берилүүчү башка документтерди көз карандысыз баалоону жүргүзүү үчүн көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга укуктуу.
Тартылган эксперттер жана консультанттар көз карандысыз болууга, тиешелүү квалификацияга жана тажрыйбага ээ болууга, ошондой эле каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата кызыкчылыктардын кагылышуусуна ээ болбоого тийиш. Көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга кеткен чыгымдар кызыкдар жакка жүктөлүшү мүмкүн жана кызыкдар жакка мындай шарттар жөнүндө алдын ала кабарланган шартта эксперттер жана консультанттар тиешелүү кызматтарды көрсөткөндөн кийин аларга кызыкдар жак тарабынан төлөнүүгө тийиш.
11. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо мамлекеттик өнөктөш кызыкдар жактан тармактык практиканын жалпы кабыл алынган стандарттарына ылайык МЖӨ долбоорун даярдоо боюнча милдеттерин ак ниеттүү жана талаптагыдай аткаруусун камсыз кылган камсыздоону (банк кепилдиги, кепилдик кат жана/же жол берилген башка формаларда) берүүнү суроого укуктуу.
Мындай камсыздоо кызыкдар жактын ак ниетсиз иш-аракеттеринин же МЖӨ долбоорун даярдоо баскычында жол берген бузуулардын натыйжасында МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же мамлекеттик өнөктөшкө келтирилген, документтик түрдө ырасталган зыяндын ордун толтуруп берүүгө кызыкдар жактын милдеттенмесин карашы мүмкүн.
Мындай камсыздоо кызыкдар жакка кандайдыр бир артыкчылыктарды бербейт жана жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу, түз сүйлөшүүлөргө жол берүү же болбосо МЖӨ долбоорун ыйгаруу боюнча милдеттенмелерге алып келбейт.