КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 434
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621, 2023-жылдын 6-февралындагы № 46, 2023-жылдын 12-июлундагы № 358, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 28-августундагы № 433, 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 552, 2023-жылдын 23-октябрындагы № 561, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 612, 2023-жылдын 19-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732, 2024-жылдын 26-январындагы № 27, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 , 2024-жылдын 10-майындагы № 228, 2024-жылдын 22-майындагы № 256, 2024-жылдын 28-майындагы № 267, 2024-жылдын 24-июнундагы № 334 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 1-343-тиркемелерге ылайык;
2) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 35-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525, 2024-жылдын 24-июнундагы № 334 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) эмгек өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
5) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери 36-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 12-августунда № 70 (3405) жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана
метрология борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу
кызматтык маяналарга карата
эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,48 |
2 | Директордун орун басары | 4,21 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 3,93 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 3,66 |
5 | Сектордун, лабораториянын башчысы | 3,52 |
6 | Башкы адис, башкы инженер | 3,39 |
7 | Жетектөөчү адис, жетектөөчү инженер | 3,11
|
8 | Адис, инженер | 2,84 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 25 %ына чейинки пайыздык үстөк төлөнөт.
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,48 |
2 | Директордун орун басары | 4,21 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,93 |
4 | Башкы бухгалтер | 3,66 |
5 | Башкы адис | 3,39 |
6 | Жетектөөчү адис | 3,11 |
7 | Адис | 2,84 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 25 %ына чейинки пайыздык үстөк төлөнөт.
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо
колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 6,79 |
2 | Директордун орун басары – бөлүмдүн башчысы | 6,43 |
3 | Сектордун башчысы | 5,16 |
4 | Башкы бухгалтер, юрист | 5,16 |
5 | Улук эксперт | 4,37 |
6 | Эксперт | 3,6 |
7 | Адис | 2,84 |
| 31-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту
өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин
кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн
аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата
ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 7,48 |
2 | Директордун орун басары | 6,51 |
3 | Бөлүм башчы | 6,25 |
4 | Эксперт | 5,60 |
5 | Башкы бухгалтер | 4,65 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50%ына чейинки пайыздык үстөк төлөнөт. | ||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 434
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621, 2023-жылдын 6-февралындагы № 46, 2023-жылдын 12-июлундагы № 358, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 28-августундагы № 433, 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 552, 2023-жылдын 23-октябрындагы № 561, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 612, 2023-жылдын 19-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732, 2024-жылдын 26-январындагы № 27, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 , 2024-жылдын 10-майындагы № 228, 2024-жылдын 22-майындагы № 256, 2024-жылдын 28-майындагы № 267, 2024-жылдын 24-июнундагы № 334, 2024-жылдын 12-июлундагы № 380 токтомдорунун редакцияларына ылайык)