Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 434
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621, 2023-жылдын 6-февралындагы № 46, 2023-жылдын 12-июлундагы № 358, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 28-августундагы № 433, 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 552, 2023-жылдын 23-октябрындагы № 561, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 612, 2023-жылдын 19-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732, 2024-жылдын 26-январындагы № 27, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 , 2024-жылдын 10-майындагы № 228, 2024-жылдын 22-майындагы № 256, 2024-жылдын 28-майындагы № 267, 2024-жылдын 24-июнундагы № 334, 2024-жылдын 12-июлундагы № 380, 2024-жылдын 17-июлундагы № 397, 2024-жылдын 5-августундагы № 457, 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 544, 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 810, 2025-жылдын 11-январындагы № 5 , 2025-жылдын 3-февралындагы № 50, 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 2-июлундагы № 390, 2025-жылдын 25-июлундагы № 446, 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 2-сентябры № 549, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 607, 2025-жылдын 13-октябрындагы № 661, 2026-жылдын 14-январындагы № 5, 2026-жылдын 23-январындагы № 23, 2026-жылдын 25-мартындагы № 194, 2026-жылдын 30-мартындагы № 205, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 315, 2026-жылдын 23-майындагы № 365 , 2026-жылдын 9-июнундагы № 402 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2022-жылдын 1-августу № 434