КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 418
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын, анын ичинде "улуттук" жана "өзгөчө" деген статуска ээ жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо;
- Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптар.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 1.9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.9. Жожду түздөн-түз анын жетекчиси (ректор, президент, начальник, директор) башкарат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
"Улуттук" деген статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери карамагында адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайы болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоодо билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алуу зарыл.
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ишин бир эле мамлекеттик жогорку окуу жайда он жылдан ашык жүргүзө албайт.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын, анын ичинде "улуттук" деген статуска ээ жогорку окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулган учурда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анын милдеттерин аткарууну ошол мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин орун басарларынын бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу жүктөйт.
Мамлекеттик жождун окуу иштери боюнча проректорлору жождун жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дайындалат.