Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2020-жылдын 24-июлу № 395
Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга жана колдонууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик, статистикалык, региондук (мамлекеттер аралык) классификаторлорунун тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.Боронов |
|
| 2-тиркеме |
Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга жана колдонууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик, статистикалык, региондук (мамлекеттер аралык) классификаторлорунун ТИЗМЕСИ
№ | Классификатордун аталышы | Классификатордун кыскача аталышы | Классификаторду иштеп чыгуу, жүргүзүү, актуалдаштыруу жана колдонуу үчүн жооптуулар |
1 | Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификациясы | ИУЖК | Улутстатком |
2 | Чарбакер субъекттердин уюштуруу-укуктук формаларынын мамлекеттик классификатору | УУФМК | Улутстатком |
3 | Финансылык активдердин мамлекеттик классификатору | ФАМК | Улутстатком |
4 | Материалдык жүгүртүү каражаттарынын мамлекеттик классификатору | МЖКМК | Улутстатком, ФМ |
5 | Төлөм жүгүртүү мамлекеттик классификатору | ТЖМК | УБ, ФМ |
6 | Калк жөнүндө маалыматтын мамлекеттик классификатору | КЖММК | ЭСӨМ |
7 | Кесиптердин жалпы республикалык классификатору | КЖРК | ЭСӨМ |
8 | Негизги фонддордун мамлекеттик классификатору | НФМК | Улутстатком, ММБФ |
9 | Валюталардын эл аралык классификатору | ВЭК | УБ, УСО |
10 | Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик классификатору | ДӨМК | ТИМ, УСО |
11 | Өлчөө жана эсеп бирдиктеринин мамлекеттер аралык классификатору | ӨЭБМАК | УСО |
12 | Стандарттардын мамлекеттер аралык классификатору | СМАК | УСО |
13 | Продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификатору | ПМСК | Улутстатком, УСО, тармактык министрликтер жана ведомстволор |
14 | Экономиканын институттук секторлорунун мамлекеттик классификатору | ЭИСМК | Улутстатком |
15 | Башкаруу органдарынын мамлекеттик классификатору | БОМК | Улутстатком |
16 | Менчик формаларынын мамлекеттик классификатору | МФМК | Улутстатком |
17 | Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору | ЭИТМК | Улутстатком |
18 | "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объектилерин белгилөө системасы" мамлекеттик классификатору | ААББС | Улутстатком |
19 | Ишканалардын титттеринин классификатору | ИТК | Улутстатком |
20 | Жумушчулардын кесиптеринин, кызматчылардын кызмат орундарынын жана тарифтик разряддарынын мамлекеттик классификатору | ККТРМК | ЭCӨM |
21 | Классификаторлор жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик классификатору | KMMК | УСО |
22 | Башкаруу документтеринин мамлекеттик классификатору | БДМК | УСО |
23 | Өнөр жай менчигинин объекттери боюнча маалыматтардын мамлекеттик классификатору | ӨМММК | Кыргызпатент |
24 | Маданий баалуулуктардын мамлекеттик классификатору | МБМК | ММТМ |
25 | Пайдалуу кендин жана жер астындагы суулардын мамлекеттик классификатору | ПК ж ЖАСМК | ӨЭЖПМК |
26 | Гидроэнергетикалык ресурстардын мамлекеттик классификатору | ГРМК | ӨЭЖПМК |
27 | Билими боюнча адистиктин жана багыттын мамлекеттик классификатору | БАМК | БИМ |
28 | Кирешелердин классификациясы; ведомстволук классификация; чыгашалардын экономикалык классификациясы; активдер жана милдеттенмелер боюнча операциялардын классификациясы | Вед. класс. Эконом. класс. Опер. жана милдет. класс | ФМ |
29 | Эл аралык стандарттык соода классификациясы | ЭССК | Улутстатком |
30 | Туризмдеги иштин түрлөрүнүн стандарттуу эл аралык классификациясы | ТИСЭК | Улутстатком |
31 | Оорулардын жана ден соолукка байланыштуу проблемалардын эл аралык статистикалык классификациясы, 10 - кайра кароо | ОЭК-10 | ССМ |
32 | Максаттар боюнча жеке керектөөнүн классификациясы | МЖКК | Улутстатком |
33 | Үй чарбаларын тейлөөчү коммерциялык эмес уюмдардын максаттарынын классификациясы | КУМК | Улутстатком |
34 | Мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларынын классификациясы | МБОФК | Улутстатком |
35 | Максаттар боюнча өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын классификациясы | МӨЧК | Улутстатком |
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭCӨM | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ӨЭЖПМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы; |
УСО | - | Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органы; |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети; |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд. |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2020-жылдын 24-июлу № 395
Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 750 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)