Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 токтомуна) |
Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 562, 2025-жылдын 1-июлундагы № 382 , 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууда инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүү шарттарын аныктайт.
Мамлекеттик ишкана жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу үчүн юридикалык жакты түзбөстөн жөнөкөй шериктештик келишимин түзүү жолу менен инвестор (инвесторлор) менен биргелешкен иш жүргүзүүгө укуктуу.
Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъект берилген жер казынасын пайдалануу укугун ишке ашыруу үчүн инвестор (инвесторлор) менен биргелешип төмөнкү жолдор аркылуу иш жүргүзүүгө укуктуу:
- ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык чарбакер субъекттин салымынын өлчөмүн аныктоо менен юридикалык жакты түзбөстөн жөнөкөй шериктештик келишимин түзүү;
- чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакети (уставдык капиталдагы үлүшү) бар туунду чарбалык коомду түзүү жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мындай туунду чарбалык коомго лицензия боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү.
11. Мамлекеттик ишканалар жана чарбакер субъекттер көмүр кен казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу үчүн инвестор (инвесторлор) менен ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык конкурс өткөрбөстөн, башкача айтканда түздөн-түз келишим түзүү менен инвестор (инвесторлор) ишкердик оң абройго, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасына ээ болгон шартта биргелешкен иш жүргүзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 562 токтомунун редакциясына ылайык)
1-2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик ишкананын же чарбакер субъекттин жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча белгилүү бир инвестор менен кызматташуусу жөнүндө чечим кабыл алганда конкурс өткөрүлбөйт, ал эми мындай инвестор менен биргелешкен иш жөнүндө макулдашуу (жөнөкөй шериктештик келишими же болбосо биргелешкен ишкананын уюштуруу документтери) түздөн-түз ушул Жобонун 1-пунктунда белгиленген шарттарга ылайык түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Чарбакер субъекттер жана мамлекеттик ишканалар өзүнүн расмий сайтында (бар болсо) жана/же геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында берилген жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүүгө конкурс (мындан ары - конкурс) өткөрүү жөнүндө маалыматты ачык жарыялоо аркылуу төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жайгаштырат:
1) жер казынасын пайдалануу укугун;
2) кендин аталышын;
3) иштин түрлөрүн;
4) биргелешкен иш келишимин, уюштуруу келишимин түзүү же юридикалык жакты түзүү үчүн берилген мөөнөттөрдү көрсөтүү менен биргелешкен ишти жүргүзүүнүн шарттарын;
5) конкурстун шарттарын;
6) катышуучуларга карата талаптарды, анын ичинде төмөнкүлөрдү чектебестен: