Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2022-жылдын 18-августу № 464
Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
“Санариптик көчмөндөр” (“Digital nomad”) заманбап креативдүү адамдардын категориясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасына маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерди тартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- 2022-жылдын 12-июлунан 2024-жылдын 30-июнуна чейин чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн;
- пилоттук долбоордун ишке ашырылышына туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте кызыкдар тараптардын арасында пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте пилоттук долбоор аяктаганга чейин мамлекеттик санариптик платформа аркылуу туруктуу негизде чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо 2024-жылдын 30-июнуна чейин колдонулат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги “ЖААК” авторизацияланган маалыматтык системасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан чет мамлекеттердин жарандарына – “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусунун ээлерине идентификациялык жеке номерлерди (ИЖН) ыйгарууну камсыз кылсын.