Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 токтомуна) |
Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 152 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) чет мамлекеттердин жарандарына "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул Убактылуу жобо жагымдуу шарттарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүгө, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартууга багытталган.
3. Бул Убактылуу жобонун колдонулушу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу жана креативдүү индустриялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун алуу жөнүндө өтүнүч берген төмөнкү өлкөлөрдүн адистерине жайылтылат:
- Азербайжан Республикасы;
- Армения Республикасы;
- Беларусь Республикасы;
- Казакстан Республикасы;
- Молдова Республикасы;
- Россия Федерациясы;
- Америка Кошмо Штаттары;
- Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу;