Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна)

Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайын иштелип чыккан жана мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоонун, кызматтан бошотуунун жана аттестациялоонун тартибин аныктайт.

2-глава. "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби

2. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси себептерин көрсөтүү менен "улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызматка дайындоо же кызматтан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине дайындоонун же бошотуунун себептерин көрсөтүү менен сунуш киргизет.

3. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат орду сунушталган талапкерди дайындоо жөнүндө сунушка төмөнкү документтер тиркелет:

1) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;

2) илимий эмгектердин тизмеси;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талашарга ылайык билими, окумуштуулук даражасы жана наамы жөнүндө документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

4) эмгек китепчесинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

5) соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

6) ЖОЖду өнүктүрүүнүн перспективдүү планы;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарды ырастоочу башка документтер.

Кызматка дайындоо жөнүндө сунушта "улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоого сунушталган талапкердин ишкердик жана жеке сапаттарынын кыскача мүнөздөмөсү берилет.

4. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызматтан бошотуу жөнүндө сунушка аттестациялык комиссиянын протоколу же кызматтан бошотуунун мыйзамдуу жана жүйөлүү негизи тиркелет.

5. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.