Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 339 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

2022-жылдын 9-сентябры № 489

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:

3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин эмгек акы төлөө фондунан жыйырма пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн турган республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен түзүлөт.

Каражаттарды Фондго чегерүү үчүн Министрлик тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында бюджеттик каражаттар боюнча учурдагы эсеп ачылат.";

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат: