Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-ноябры № 641

Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырган башка мамлекеттик органдар жана юридикалык жактар мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн ички эрежелерин ушул токтом менен бекитилген Тартипке ылайык иштеп чыксын.

3. Ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мамлекеттик органдардын (уюмдардын) жетекчилери мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу органга товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө ар жылдык отчетторду берип турсун.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул токтомдун жоболорунун сакталышын контролдоону жүргүзсүн.

4. Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибинин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мамлекеттик органдардын (уюмдардын) жетекчилерине жүктөлсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызмат сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы "Улуттук коргоого, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды сактоого жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" № 398 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-сентябрындагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу иштерине байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы № 432 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;