Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-ноябры № 634
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- 2-пункттагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- 4-пунктта:
"турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
экинчи абзацтагы "мамлекеттик контролдон өткөндүгүн" деген сөздөр "товарларды ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5, 6-пункттардагы "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасында зергердик жана башка буюмдар үчүн баалуу металлдардын төмөнкүдөй пробалары белгиленген:
1) платинадан: