Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябры № 658
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 234 "Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана Бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 234 "Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана Бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын, "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 89-беренесин ишке ашыруу максатында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 87-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 512-беренесин ишке ашыруу максатында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 1-пунктта:
- экинчи абзацындагы "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацындагы "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамада:
- аталышындагы "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктунда "жана жоруктар жөнүндө иштер", "жана (же) жоруктун", "жана (же) жорукту" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунда "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;
- 3, 6, 8, 31, 35, 40,43, 44, 46, 53, 68, 73,78, 79, 84-пункттарында "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;