Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жылдын 16-декабры № 687

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3)(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;

6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби 6-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 305 "Кирешелерди, чыгымдарды, милдеттенмелерди жана мүлктөрдү декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;