Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 707
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа 1-тиркемеге ылайык;
- 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):
- жыл сайын республикалык бюджетти түзүүдө жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ресурстарынын эсебинен Иш-чаралар планын ишке ашырууга финансылык чыгымдарды карасын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 20-январындагы № 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ