Документке
Мурунку30.04.2025

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыкты.

2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин (мындан ары - Реестр) түзүүнүн, ишинин жана жүргүзүү тартибинин укуктук негиздерин жөнгө салат.

Жаңы26.12.2022

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыкты.

2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин (мындан ары - Реестр) түзүүнүн, ишинин жана жүргүзүү тартибинин укуктук негиздерин жөнгө салат.

2. Реестрди жүргүзүү тартиби

3. Реестр Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери берген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.

4. Ишкердик субъекттерин Реестрге киргизүү жана Реестрден чыгаруу Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

5. Жогоруда аталган туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана Регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.

6. Ишкердик субъекттери деп ишкердик иш жүргүзгөн, уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык менчик формасындагы Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары таанылат.

7. Реестр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук түрдө жүргүзүлөт.

8. Реестр ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ачык колдонуу мүмкүндүгү менен жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу ишкерлер жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

9. Реестрге киргизүү Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектинин арызы боюнча ыктыярдуу жана акысыз негизде жүзөгө ашырылат.

10. Ишкердик субъекттери берген маалыматтар Реестрге ушул Жобонун 19-пунктунда каралган критерийлерге ылайык келип түшкөн күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде киргизилүүгө тийиш.

11. Реестрге киргизүү үчүн берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти ишкердик субъекти тартат.

12. Ишкердик субъекти берген маалыматтарды жана арызга тиркелген документтерди тактоо үчүн ыйгарым укуктуу орган жетишсиз маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.

13. Ишкердик субъекти Реестрде камтылган маалыматтарды өзгөртүүдө актуалдуу маалыматтарды Реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын дарегине жөнөтөт (кагаз же электрондук түрдө).

3. Ишкердик субъекттери тарабынан маалыматтарды берүү тартиби

14. Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекти Реестрге киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз менен кайрылат.

15. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

юридикалык жактар үчүн:

1) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;

2) уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөлөрү;

3) бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарынын жоктугун ырастоочу документтер;

4) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча штаттык жумушчулар жөнүндө маалыматтар;

5) акыркы үч жыл ичинде улуттук валютада төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар.

жеке жактар үчүн:

1) паспорттун көчүрмөсү;

2) жеке ишкердин патентинин көчүрмөсү;

3) бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарынын жоктугун ырастоочу документтер;

4) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча штаттык жумушчулар жөнүндө маалыматтар;

5) акыркы үч жыл ичинде улуттук валютада төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар.

16. Ишкердик субъекттери ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды төмөнкүчө берет:

1) үч жылда бир жолу;

2) Реестрде камтылган жеке маалыматтары өзгөргөн учурда ушул Жобонун 15-пунктуна ылайык.

17. Ишкердик субъекттери жөнүндө кагаз жана электрондук түрдө берилген маалыматтар Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте сакталат.

18. Реестр кармоочу туруктуу негизде төмөнкүдөй журналдарды жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш:

- кириш документтерди эсепке алуу журналы;

- каттоо журналы.

19. Реестр кармоочу операциялардын көлөмүнө жана программалык камсыздоо мүмкүндүктөрүнө жараша журналдарды жана башка регистрлерди жүргүзүүнүн ыкмасын тандап алат:

- кагаз жүзүндө - журнал түрүндө;

- компьютердик программада - электрондук таблица формасында.

4. Ишкерди Реестрге киргизүү үчүн критерийлер

20. Ишкер төмөнкүдөй талаптарды сактаган учурда Реестрге киргизилиши мүмкүн:

1) Реестрге киргизүү учурунда ишкердик ишти 3 жылдан кем эмес жүргүзүү;

2) акыркы 3 жыл катары менен акыркы 12 ай ичиндеги пайданын жыйынды көлөмүнүн төмөнкүдөй болушу:

- чакан ишкердик субъекти - 8000000 сомдон ашпаган учурда;

- орто ишкердик субъекти - 8000000 сомдон ашкан, бирок 30000000 сомдон ашпаган учурда;

- ири ишкердик субъекти - 30000000 сомдон ашкан учурда.

3) акыркы 3 жыл ичинде төлөнүүчү салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жылдык көлөмүнүн өсүү темпин орточо 5%га жогорулатуу;

4) акыркы 3 жыл ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык эмгек келишими түзүлгөн жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн жумушчулардын орточо саны:

- чакан ишканалар - 25тен ашпаган кызматкер;

- орто ишканалар - 25тен кем эмес кызматкер;

- ири ишканалар - 70тен ашык кызматкер;

5) Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин алдындагы төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жана мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрүнүн жоктугу;

6) кызматкерлердин орточо эмгек акысы ишканалардын тиешелүү түрү жана аймак боюнча орточо деңгээлден төмөн эмес;

7) экономикалык кылмыштар жана укук бузуулар үчүн мурда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбаган жетекчи;

8) эгерде ал иш берүүчү болуп саналган учурда, төмөнкүлөрдүн негизинде мамлекеттик калкты иш менен камсыз кылуу саясатын жүргүзүүгө көмөктөшсө:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек мамилелерин жөнгө салуучу келишимдердин шарттарын сактоо;

- ишканаларды, уюмдарды жоюуда же жумушчуларды бошотууда жумушчуларга компенсацияларды төлөө;

- иш берүүчүлөрдүн жеке каражаттарынын эсебинен бошотулган жумушчуларды ишке орноштурууга, кесиптик даярдоого жана кошумча материалдык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү;

- иштегендерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте социалдык коргоого муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, калктын аялуу топторун ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын квоталоо;

- жумушчуларды кесиптик окутуу, квалификациясын өзгөртүү, квалификациясын жогорулатуу жолу менен адам ресурстарын башкаруу.

5. Ишкерди Реестрден чыгаруу

21. Реестрге киргизилген Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекти төмөнкү учурларда Реестрден чыгарылат:

1) ишкердик субъекти тарабынан Реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенде;

2) ыйгарым укуктуу органга Реестрге киргизилген учурдан тартып 3 жылдын ичинде анын ишинде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болбогондугу жөнүндө документтерди жана маалыматтарды бербеген же расмий кабарлабаган учурда;

3) ишкердик субъекти (юридикалык жак) жоюлганда;

4) ишкердиктин субъекти (жеке жак) өзүнүн ишкердик ишин токтоткондо;

5) ишкердик субъекти банкрот деп таанылганда;

6) ишкердик субъекти аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмү чектелген, дайынсыз жок деп таанылганда;

7) ишкердик субъекти өлдү деп жарыяланганда;

8) ишкер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмдөрү.

Ушул пункттун 3-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар ишкердик субъектинин жакын туугандары жана/же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилет.

6. Ишкердик субъекттеринин Реестр кармоочунун алдындагы милдеттери

22. Реестрге киргизилген ишкердик субъекттери реестр кармоочуга Реестрди жүргүзүү үчүн зарыл болгон толук жана так маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

23. Ишкер тарабынан толук эмес же так эмес маалыматтар берилген учурда, анын ичинде ишкер өзүнүн маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө актуалдуу маалымат бербеген учурда реестр кармоочу буга байланыштуу келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

7. Документ жүгүртүү системасына карата талаптар

24. Реестр кармоочунун документ жүгүртүү системасы ишкердик субъекттери, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө бардык маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүндүгүн, ошондой эле компьютердик жабдуулар жана/же программалык камсыздоо иштебей калган учурда Реестрди жүргүзүү боюнча ишти улантуу мүмкүндүгүн кароого тийиш.

25. Документтерди кабыл алгандан кийин реестр кармоочу кайрылган адамга кабыл алуу датасы жөнүндө белги, ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнүн көрсөтүү менен анын колу коюлган жана реестр кармоочунун мөөрү басылган документтерди кабыл алуу фактысын ырастоочу документти берет (же болбосо реестр кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын колу менен берилген документтердин көчүрмөсүндө документтердин кириш номери).

26. Реестрге жазууларды киргизүү үчүн негиз болгон документтер реестр кармоочуда алар келип түшкөн учурдан тартып беш жылдан кем эмес сакталууга тийиш.

27. Реестрдин көчүрмө бөлүгүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

- ишкердик субъектинин толук аталышы жана катталган күнү;

- Реестрдеги номер;

- реестр кармоочунун толук аталышы;

- реестр кармоочунун мөөрү, ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү жана колу.

28. Реестр кармоочу ал берген Реестрдин көчүрмө бөлүгүндө камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Көчүрмө бөлүк берилген күнгө жана убакытка карата гана жарактуу.

8. Ак ниет ишкерлер үчүн артыкчылыктар

29. Реестрге киргизилген ишкер төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдарында медиа-жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат;

2) салыктык жана бажылык кызмат көрсөтүүлөрдү кезексиз алат;

3) Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышат;

4) Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга текшерүүлөрдөн бошотулат;

5) мамлекеттик кредиттерди берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоо алат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

ак ниет ишкерлеринин

реестрин жүргүзүү

жөнүндө жобого

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин РЕЕСТРИ

 

№

Юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери

Юридикалык дареги/жашаган жери

Юридикалык жак/жеке ишкер катталган дата

Жумушчулардын саны

Реестрге киргизилген дата

Реестрден чыгарылган дата

1

 

 

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

 

 

3

 

 

 

 

 

 

 

4

 

 

 

 

 

 

 

5

 

 

 

 

 

 

 

6

 

 

 

 

 

 

 

7

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

ак ниет ишкерлеринин

реестрин жүргүзүү

жөнүндө жобого

2-тиркеме

 

Форма

Ишкердик субъектинин жумушчулары жөнүндө кошумча маалыматтар

№

Аты-жөнү

Иштеген жери жана ээлеген кызматы

Акыркы 3 жыл ичиндеги эмгек акысы

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык акыркы 3 жыл ичиндеги камсыздандыруу төгүмдөрү

Реестрге киргизилген дата

1