КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн тартибин аныктайт (мындан ары - экспорттук квоталар).
2. Экспорттук квоталар экономикалык иштин түрүнүн коддорунун бирине кирген буудай унун өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу бар буудай унун өндүрүүчүлөр болуп саналган тышкы соода ишинин катышуучуларынын (мындан ары - арыз ээлери) ортосунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) бөлүштүрүлөт.
3. Арыз ээлери ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча буудай унуна экспорттук квотаны бөлүштүрүү жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу органга жиберет.
4. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз берген адамдын ыйгарым укуктарын ырастаган документ (документтин көчүрмөсү);
- юридикалык жактын уставынын, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-октябрын кошо алгандагы мезгил үчүн буудай унун өндүрүүнүн көлөмү жөнүндө маалымат.
5. Экспорттук квотаны бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон арыз жана документтер расмий тилде берилет.
6. Берилген арызга жана документтерге (документтердин көчүрмөлөрүнө) арыз ээсинин жетекчиси өзү (ыйгарым укуктуу адам) кол коёт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
7. Бардык арыз ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү максатында буудай унун ташып чыгууга экспорттук квотанын көлөмү (Vkim) төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Vim - арыз ээси тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-октябрын кошо алганда арыз ээси тарабынан ташылып чыккан буудай унунун көлөмү;
Vom - 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-октябрын кошо алганда бардык арыз ээлери тарабынан ташылып чыккан буудай унунун жалпы көлөмү;
Vkom - 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 31-декабрын кошо алганда буудай унуна карата белгиленген экспорттук квотанын жалпы көлөмү (100000 тонна).