Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 29-декабры № 890
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолор тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 12-январында № 2 жарыяланды
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 24-26-баптар менен толукталсын:
24. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 24-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелери (мындан ары - ССМ). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - психоневрологиялык патологиялары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (мындан ары - ДМЧ балдар); - психоневрологиялык оорулары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар; - I жана II топтогу майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар; - улгайган курагына байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз адамдар, анын ичинде жубайлар (мындан ары - улгайган жарандар); - белгилүү бир жашаган жери жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолор |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогондо - короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси аймактык бөлүнүштөргө кайрылат. Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектелүүчү документтердин негизинде арызды берүү, күтүү убактысы жана акыркы жыйынтыгы - 1 сааттан ашпашы керек |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө, ССМге, СКДне жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн, ССМдин, СКДнин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө, СКДде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телеберүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүшүнүн, ССМдин, СКДнин маалымат такталарына, сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш- аракеттеринин тизмеси | Керектүү документтердин тизмеги: - кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жетелектер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет); - ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптуулугу тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен, ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими; - туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу жөнүндө арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок болгон учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт; - ким экендигин ырастоочу документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү); - медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча); - үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат; - кандын жалпы клиникалык анализдери, Вассерман реакциясына, АИВ/ИЖКСге, ичеги-карын ооруларынын козгогучтарына, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгынын анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериялогиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар, эгерде аны берген күндөн тартып эки айдан ашык өтпөсө, анык болуп саналат); - көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы; - алган пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкат; - 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн 4 сүрөт); - ДМЧА реабилитациялоонун жекече программасынан көчүрмөсү (МСЭК); - пенсиялык курактагы адамдар үчүн - пенсиялык күбөлүктүн көчүрмөсү; - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары жана аларга теңештирилген адамдар үчүн - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастаган ырастаманын көчүрмөсү; - аймактык бөлүнүштөрдүн жолдомосу. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүнүштөргө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат. Медициналык-социалдык корутунду алуу үчүн керектөөчү майыптуулукту аныктоого МСЭКке (жашаган жери боюнча) кайрылуусу керек. ССМге жолдомо алуу үчүн арыз менен кайрылган жарандын зарыл болгон документтери жок болгон учурда аймактык бөлүнүштөрдүн кызматкерлери тийиштүү аймактык мамлекеттик органдар менен бирдикте керектүү документтерди алууга көмөк көрсөтөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардан даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы "Суроо-жооп" бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет. Кабыл алууга алдын ала жазылуу электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - арыз берүүчү ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбеген; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомунун арыз берүүчү тарабынан толук берилбеген |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүшүнүн, ССМнин, СКДнин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштөрдүн, ССМнин, СКДнин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ССМнин, СКДнин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
25. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыптарга 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 27-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | I топтогу майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) санаториялык-курорттук жолдомонун наркы жеңилдиктердин ордуна алуучу акчалай компенсациянын өлчөмүнө кирген алуучулардан тышкары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогондо - короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнү алуунун жалпы мөөнөтү арыз ээсинин кезек күтүп турган ордуна жараша аныкталып, 1 жылдан ашпашы керек. Кезек күтүү жана жолдомолорду алуу убактысы - 15 мөөнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө, СКДне жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн, СКДнин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө, СКДде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телеберүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүнүшүнүн, СКДнин маалымат такталарына, сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Дарыланууга санатордук-курорттук жолдомо алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - жолдомо алууга эркин түрдө жазылган жеке арыз; - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү жана майыптуулук тобу жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү; - сунуш кылынган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык көрсөтмөлөрдүн бар экендиги жөнүндө белгиленген формадагы маалымкат; - санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарылдыгы жөнүндө I топтогу майып ДМЧА үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу; - психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ДМЧАга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу; - жашаган жеринен маалымкат; - паспорттун көчүрмөсү. Дарылануу мөөнөтү аяктап, санаториялык-курорттук мекемеден кайтып келгенде социалдык өнүктүрүү башкармалыгына санаториялык-курорттук мекемелерде дарылоо мөөнөтүн көрсөтүү менен курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемеси берген, толтурулган жолдомонун кайтарылма талонун тапшырууга милдеттүү. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүнүштөргө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат. Кызматты алуу үчүн документтерди берүүдө керектөөчү катыша албаса, ушул функцияны бекитилген социалдык кызматкер аткара алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук түрдө арыз берүү жагында берилиши мүмкүн. Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы "Суроо-жооп" бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - арыз берүүчү ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбеген; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомунун арыз берүүчү тарабынан толук берилбеген |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүшүнүн жана/же СКДнин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштөрдүн жана/же СКДнин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана/же СКДнин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
26. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү: - медициналык көрсөтмөгө ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыпты кошпогон адамга - 50 пайыз жеңилдик; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген II топтогу майыпка - 50 пайыз жеңилдик; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген III топтогу майыпка - 30 пайыз жеңилдик -Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 27-1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү төмөнкүлөр болуп эсептелет: - медициналык көрсөтмөгө ылайык I топтогу майып ДМЧАны коштоп жүргөн адам; - II топтогу майып ДМЧА; - III топтогу майып ДМЧА. Жолдомолорду башка адамдарга сатууга жана берүүгө салынат. Санаториялык-курорттук мекеменин врачынын же врачтык-консультациялык комиссиясынын тиешелүү маалымкаты болгон учурда санаторийде жүргөн учурда ден соолугун абалы боюнча туугандарынын коштоосуна жана кошумча тейлөөгө муктаж болгон II же III топтогу майыптарга бир жолдомону эки кишиге пайдаланууга уруксат берилет. Мындай учурда, орун бар болсо, санаторийде дарылануу күндөрүнүн саны койка-күндүн жана жолдомонун наркынын чектеринде эки адамга бөлүштүрүлөт. I топтогу майып ДМЧАны коштоп жүргөн адамга берилүүчү жолдомодо милдеттүү тартипте "коштоочу" деген белги коюлат |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогондо - короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кезек күтүү - 10 мүнөттөн ашык эмес. Жалпы мөөнөтү: - жолдомо болгондо - 1 айдан ашык эмес; - жолдомо болбогондо - 5-6 айдан ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуу - 15 мөөнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүү 5 жылда бир жолу берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө, СКДне жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн, СКДнин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө, СКДде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телеберүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүшүнүн, СКДнин маалымат такталарына, сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Дарыланууга санаториялык-курорттук жолдомо алуу үчүн жашаган жери боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгына төмөнкү документтер берилет: - жолдомо алууга жеке арыз; - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүн жана майыптуулук тобу жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү; - сунуш кылынган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык көрсөтүүлөрдүн бар экендиги жөнүндө 088/У белгиленген формадагы маалымкат; - санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарыл болгон учурда I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу; - психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ДМЧАга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу; - жашаган жеринен маалымкат; - паспорттун көчүрмөсү. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүнүштөргө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат. Дарылануу мөөнөтү аяктап, санаториялык-курорттук мекемеден кайтып келгенде социалдык өнүктүрүү башкармалыгына санаториялык-курорттук мекемелерде дарылоо мөөнөтүн көрсөтүү менен курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемеси берген, толтурулган жолдомонун кайтарылма талонун тапшырууга милдеттүү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. II же III топтогу майыптар жолдомонун наркынын тиешелүү түрдө 50 же 70 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт. Коштоочу адам жолдомонун наркынын 50 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардан даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы "Суроо-жооп" бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - арыз берүүчү ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбеген; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомунун арыз берүүчү тарабынан толук берилбеген |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштүн, ССМнин, СКДнин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштөрдүн, ССМнин, СКДнин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ССМнин, СКДнин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |