1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 707 токтомуна) |
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Электрондук коммерция Кыргыз Республикасында жаңыдан гана түптөлө баштады. Акыркы он жылда электрондук соода жана электрондук бизнес чөйрөсүндөгү активдүүлүктүн тездеши байкалууда. Бул сектор азырынча кеңири жайыла элек болсо да, энергияга бай ишкердик базасынын, салыштырмалуу ишенимдүү интернет тармагынын жана санариптик экономикадагы күчтүү мамлекеттик-жеке диалогдун жардамында тездик менен өнүгүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилди, анда башкарууда санариптештирүүнү өнүктүрүү жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү маселелери чагылдырылды, ага ылайык бизнес-түзүмдөрдү мамлекеттин электрондук башкаруу системасына план ченемдүү жана системалуу кошуу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөөнү автоматташтыруу, салттуу финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн инновациялык чечимдерди (финансылык технологияларды) киргизүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасы" концепциясын кабыл алуу жана ишке ашыруу максаттары коюлууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында санариптик кайра түзүүлөргө жана электрондук соодага артыкчылык берилген жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясы бекитилген жана электрондук соода секторун өнүктүрүү менен макулдашылган. Жогоруда аталган Концепциянын максаты болуп өнөр жай өндүрүшү, туризм, айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы жана курулуш сыяктуу экономиканын салттуу секторлорун кеңири санариптештирүү/санариптик трансформациялоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле сатуу рынокторун кеңейтүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда жеке секторлорго көмөктөшүү саналат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы кабыл алынган, мында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн экосистеманы түзүү боюнча милдеттерден болуп Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны (мындан ары - Программа) иштеп чыгуу, "Электрондук коммерция паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу саналат.
Учурда 510 мамлекеттик кызмат онлайн режиминде көрсөтүлүүдө. Мындай өз ара аракеттенүү ар кандай деңгээлдерде, анын ичинде жогорку деңгээлде, ошондой эле жарандык коом жана жеке сектор арасында санариптик кызматтарды жайылтууну тездетет деп күтүлүүдө.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын санариптик трансформацияга жетишүү боюнча күч-аракеттери регионду жана башка өлкөлөрдү тейлөөчү логистиканын жана санариптик сооданын борбору катары Кыргыз Республикасынын потенциалы менен шартталган ынанымдуу экономикалык негиздемеге ээ.
Кыргыз Республикасы өзүнүн стратегиялык абалына байланыштуу Кытайдын, Россиянын, Казакстандын, Түштүк Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын ортосунда коммерциялык ташуулар жана соода үчүн транзиттик зонанын функцияларын аткаруу боюнча олуттуу потенциалга ээ. Муну ырастагандай, акыркы он жылда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана рыноктордун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар стратегиялар ишке ашырылды.
Заманбап маалыматтык технологияларды бизнесте колдонуу дүйнөлүк экономиканын глобалдык координаттар системасында жаңы багыттарды түзөт. Бүгүнкү күндө бул багыт интернет-экономика деп аталат. Интернет ата мекендик компанияларга дүйнөлүк рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берет, сатуу каналдарын кеңейтет, жеткирүүчүлөрдү жана сатып алуучуларды бирдиктүү системага бириктирет.
Интернет-бизнестин жүгүртүүсү Франция, Италия, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы (мындан ары - ИДП) менен салыштырууга мүмкүн болгон олуттуу суммаларды түзөт. Ошондуктан экономиканын бул салыштырмалуу жаңы секторун четке кагууга же анын маанисин төмөндөтүүгө болбойт. Заманбап шарттарда маалыматтык технологияларды колдонбостон ири масштабдуу бизнес жүргүзүү мүмкүн эмес.