Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2021-жылдын 11-октябры № 217
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1) III бөлүмдө:
- 69-главасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 71 жана 72-главалары ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) V бөлүмдө:
- 47-главасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 19-октябрындагы № 107 жарыяланды
Төрага | У.А.Марипов |
| 1-тиркеме |